Сарпашев: шайлоонун шайтан оюндары ЖКга ыплас жол менен келүүнү каалагандарга керек

© Sputnik / Табылды КадырбековБиринчи-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. Архив
Биринчи-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тестирлөөгө 465 шайлоочу катышып, анын 451и ийгиликтүү өттү. 11 адам кошумча тизме менен добуш берсе, үч шайлоочу тизмеде жок болуп чыккан.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Биринчи-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Токтогул районунда шайлоочулардын биометрикалык маалымат боюнча добуш берүү процессин тестирлөөнү тешкерип жатканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.

Чүйдө шайлоого керектелүүчү жаңы жабдууларды текшерүү башталды
Учурда шайлоого керектелүүчү жаңы жабдуулар Токтогул районунун Торкен, Кара-Тектир, Үч-терек жана район борборунда текшерилүүдө. Тестирлөөгө 465 шайлоочу катышып, анын 451и ийгиликтүү өттү. 11 адам кошумча тизме менен добуш берсе, үч шайлоочу биометрикалык маалыматтарын тапшырбагандыгы үчүн тизмеде жок болуп чыккан. 

Сарпашев жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, тестирлөө ийгиликтүү өткөнүн белгиледи.

"Тестирлөөнүн башкы максаты — шайлоочулардын жаңы жабдуу, добуш берүү процесси менен танышуусу. Мунун дагы бир өзгөчөлүгү болуп шайлоочулар бир нече жолу добуш берүү мүмкүндүгү жоюлганын өз көздөрү менен көрүп ынангандыгы эсептелет. Шайлоонун акыйкатсыз өтүшүнө парламентке ыплас жол менен келүүнү каалаган саясатчылар гана кызыкдар. Ошон үчүн алар шайлоонун инновациялык технологиялар менен өтүшүнө каршылык көрсөтүп келишет", — деди чиновник.

Сарпашев тестирлөө сентябрь айынан баштап республиканын бардык аймактарында жүргүзүлө турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0