В ходе рабочего визита Президента Алмазбека Атамбаева в КНР

Атамбаев Си Цзиньпин менен жолугуп, кызматташуу программасын кабыл алышты

35
(жаңыланган 09:12 03.09.2015)
Жолугушууда чек ара маселелери боюнча жана техникалык-экономикалык жактан кызматташуу, ошондой эле кайтарымсыз грант тууралуу макулдашуулар болду. Кыргыз тараптан келишимдерге КРдин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, экономика министри Олег Панкратов кол коюшту.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолукканын өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Атамбаевдин Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 70 жылдыгына арналган парадга катышуу үчүн Кытайга болгон иш сапары кечээ, 1-сентябрда башталган.

Жолугушуу учурунда Атамбаев Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге ыраазычылык билдирип, Кыргызстан Экинчи дүйнөлүк согушта Советтер Союзунун курамында Кытай менен бир тарапта турганын белгиледи.

"Биздин адамдар, анын ичинде кытай эли кандуу согушта ири жоготууларга учурады. Эртең боло турган Жеңиш парады элдерибиздин эрдигине, кайратмандыгына таазим болуп саналат", — деди Атамбаев.

Си Цзиньпин кытай эли Кыргызстан сыяктуу мамлекеттер менен бирге фашизмге каршы дүйнөлүк согушта Улуу Жеңишти камсыздаганын белгиледи. 

Жолугушуунун жүрүшүндө экономикалык, социалдык маселелер талкууланды. Анын жыйынтыгында, 2015-2016-жылдарга карата Кыргызстан менен Кытайдын кызматташуу программасы кабыл алынды.

Ага ылайык, жолугушууда чек ара маселелери боюнча жана техникалык-экономикалык жактан кызматташуу, ошондой эле кайтарымсыз грант тууралуу макулдашуулар болду. Кыргыз тараптан келишимдерге КРдин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, экономика министри Олег Панкратов кол коюшту.

35
Белгилер:
аскердик парад, иш сапар, келишим, Алмазбек Атамбаев, Кытай
Тема боюнча
Атамбаев Кытайга парад көрүп жана КРге жол салуу боюнча сүйлөшүү үчүн учуп кетти
Бишкек шаарынын мурунку биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев. Архив

Бишкекте шаар жетекчисинин орун басарлары алмашты

29
Бишкек мэриясында калаа жетекчисинин эки орун басары алмашты. Буга чейинки биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев башка кызматка которулгандыгына байланыштуу иштен бошотулду.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болуп, биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев башка кызматка которулгандыгына байланыштуу иштен бошотулду. Бул тууралуу муниципалитеттен маалымат кызматынан билдиришти.

Анын ордуна буга чейин тиричилик-коммуналдык чарба боюнча вице-мэр болуп келген Жамалбек Ырсалиев дайындалды.

Ал эми шаар башчысынын экономикалык жана финансылык маселелер боюнча орун басары болуп Максатбек Сазыкулов келди. Буга чейин ал Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунда Уюштуруучулукту өнүктүрүү департаментин жетектеген.

29
Белгилер:
вице-мэр, Жамалбек Ырсалиев, Алмаз Бакетаев, Бишкек мэриясы, Бишкек
Тема боюнча
Уланбек Калманбетов Архитектура, курулуш агенттигин жетектемей болду
Владимир Путин менен Жо Байдендин жолугушу. Архив

Путин менен Байден саат канчада жолугары айтылды

81
(жаңыланган 09:47 16.06.2021)
Маалыматка караганда, эки державанын лидерлеринин сүйлөшүүсү бир нече саатка уланып, эки раунддан турмакчы.

БИШКЕК, 16-июн. - Sputnik. Владимир Путин менен Жо Байден бүгүн Женева шаарында жергиликтүү убакыт менен саат 13.35те (Бишкекте 17.35) жолугушат. Бул тууралуу Ак үйдүн маалыматына таянып РИА Новости жазды.

Билдирүүгө караганда, жолугушууга 10 мүнөт калганда эки лидер Швейцария президенти Ги Пармелен менен сүрөткө түшөт.

Байден менен Путин делегациялары жергиликтүү убакыт менен саат 15.55те кезигип, 17.40та сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду уланат.

Буга чейин Россия менен АКШнын президенттери Женева саммитинен кийин жолугуп, анда адам укугу, Алексей Навальный жана РФте камалган америкалыктар боюнча маселени талкуулай турганы айтылган.

81
Белгилер:
жолугушуу, Жо Байден, Владимир Путин, Женева, АКШ, Россия
Тема боюнча
Кыйынды кыртышы сүйбөгөн саясат