БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Хиллари Клинтондун ачыкка чыгарылган каттарында Кыргызстан боюнча америкалык серепчилердин, юристтердин отчеттору, РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров менен сүйлөшүүлөрү жөнүндө айтылат.
АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйшөмбү күнү өлкөнүн мурдагы мамлекеттик катчысы жана президенттикке талапкер Хиллари Клинтондун электрондук кат алышууларынын 7 миңден ашык бетин ачыкка чыгарган. Конфиденциалдуу маалыматтарды камтыган 150 миң кат эми жашыруун болбой калды.
Каттарда Хортондун Кыргызстанга келгендеги иши жөнүндө кенен отчет камтылып, республиканын түштүгүндөгү улуттар аралык кагылышуудан кийинки абалга баа берилген.
Ошондой эле чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча Убактылуу өкмөттүн көз карашы баяндалып, Ганси атындагы базанын ролу жөнүндө айтылган. Эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусунда референдум өткөрүү жана мамлекетти калыбына келтирүү үчүн кийинки кадамдар боюнча кеңештер айтылган. Убактылуу өкмөттүн башчысы катары Роза Отунбаеванын ролу туурасында сөз болгон.
Дагы төрт катта Клинтондун РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров менен сүйлөшкөнү эскерилет. Алар Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаалдын андан ары өрчүшүн, гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча биргелешкен кадамдарды, өлкөдөгү тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн колдоо көрсөтүүнү сүйлөшкөн. Ошондой эле эл аралык уюмдардын, анын ичинде ЕККУнун колдоосу менен референдум өткөрүү маселесин да талкуулашкан.
Жети катта Клинтон дүйнөлүк эң ири маалымат агентиктеринин жана "Рейтердин" макалалары жана баяндамалары менен бөлүшкөн. Алардын бири Ассошиэйтед Пресс агенттигинин мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин өлтүрүлгөнү жөнүндө макаласы болгон. Анда оппозициялык канаттын мүчөсү Шамил Мурат Талас шаарынын администрациясына чабуул коюу учурунда элдин тепкисине калып каза болгон Конгантиевдин жансыз денесин көргөнү туурасында айтылган.Айрым каттарда АКШнын башка өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда ордун бекемдөө боюнча серепчилердин кенен отчеттору берилет. Алардын биринде Кыргызстан Гаити, Судан, Сомали менен катар "тынчтык өтө эле бекем эмес, олку-солку абалда турган" өлкө жана демократияны алдыга жылдыруу үчүн объект катары эске алынган Хилари Клинтондун өзүнүн отчету берилет.
"Kyrgyzstan update" жана "Конфиденциалдуу" деген белгилер астындагы каттарда текст түрүндөгү билдирүүлөр жок. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Марк Тонер шейшемби күнү жашыруун маалыматтар камтылганына байланыштуу 150дөн ашык кат кайра иштетилип чыкканын билдирген.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеевдин айланасындагы кептер боюнча аталган органдын маалымат кызматы комментарий берди.
Финполдун маалымат кызматы айтылгандардын баары тастыкталбаган, карандай калп экенин билдирди.
"Учурда Финансы полициясы тарабынын коррупция, экономикалык жана финансылык кылмыштар менен күрөш тынымсыз жүрүп жатат. Жогорку рангдагы аткаминерлер аралашкан резонанстуу кылмыштуу схемаларды аныктап, алдын алууда. Мындан улам биздин кызматтын жетекчилигине көө жабууга аракет кыла башташты. Андай учур дагы кайталанашы мүмкүн, бирок биз ишти токтотпойбуз. Эң башкысы — элдин ишеними жана колдоосу керек", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Аспековдун көрсөтмөсүндө айтылгандар чындыкка дал келбей турганы белгиленет.
Маалымат кызмат азыркы тапта Жапыкеев Бишкек ТЭЦинин ишин текшерип жүргөнүн кошумчалады.
Бул келерки жылы, 2022-жылы, ишке ашырылмакчы. Заманбапташтырылган кеме РФ флотун чыңдайт. Бул туурасындагы Андрей Коцтун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
1144 "Орлан" долбоорунун крейсерлери – дүйнөдө авиаташуучулардан кийинки ири аскердик кемелер. Сыйымдуулугу — 25,8 миң тонна, узундугу — 250 метр, туурасы — 28,5 метр, экипаж — 760 киши. Россиянын бул типтеги эки вымпели — экинчи, Түндүк флоттун курамындагы "Петр Великий", ал "Нахимов" катарга кошулгандан кийин заманбапташтырылууга жөнөтүлөт. Маңызында экөө тең каалаган бутасын талкалай алчу толук куралданган деңиз платформасы болуп саналат. Стандарттык комплект П-700 "Гранит" кемеге каршы коргонуу ракеталарын кое берүүчү 20 орнотмо, "Оса-М" зениттик-ракеталык комплекстери, "Кинжал" жана ыраакка ок атуучу С-300Ф "Форт", "Метель" жана "Водопад" кемеге каршы коргонуу ракета-торпедалары, реактивдүү бомбомет жана АК-130 автоматтык кош стволдуу замбиректен турат. Атомдук энергетикалык орнотмосу, автономдуулугу эки айды, ылдамдыгы 31 узелди түзөт. Сүзүү аралыгы дээрлик чектелбейт.
Анткен менен кемелердин баары акырындап эскирип барат. Эгер 80-жылдардын аягы, 90-жылдардын башында "Орлан" кемелери кандай гана кас болбосун катыгын берип келген болсо, бүгүн абал ал убактагыдай эмес. Россияда азырынча биринчи рангдагы ири аскердик кемелерди курууда кыйынчылыктар болгондуктан, РФ Коргоо министрлиги колунда бар кемелерди заманбапташтырууну жана биринчи кезекте аларды жаңы курал менен жабдууну чечкен.
"Адмирал Нахимовду" 1999-жылы эле ремонтко жөнөтүшкөн, бирок крейсерди оңдоо иштери бул тармакка олуттуу каражат бөлүнгөн убакта, тагыраак, 2013-жылы гана башталган. 2015-жылы Северодвинскидеги "Севмаш" ишканасында кеменин эскилиги жеткен жабдуусу чыгарылып, корпусун баалоо иштери жүргөн. Кемени заманбапташтырууну 2018-жылы аяктоону чечишкен, бирок мөөнөт бир нече ирет узартылган. Иштин жүрүшүндө ремонт иштери өзгөртүлүп, борттук жабдуу жана куралдануусуна улам жаңы табылгалар киргизилип турган.
Былтыр май айында РФ коргоо министринин орун басары Алексей Криворучко оор крейсер биринчилерден болуп гипер үндүү "Циркон" ракеталарын алышарын билдирген. Алар бутасына үндөн тогуз эсе ылдам учуп, абадан коргонуунун эч бир тутумуна кармалбайт.
1000 чакырым чакты аралыкка жете алчу "Циркон" америкалык үнгө чейинки "Гарпун" кемеге каршы коргонуу ракеталарын артка калтырат (алардыкы 130 чакырым). "Орлан" кемелери дайым кубаттуу абадан коргонуучу кеме тутуму менен өзгөчөлөнүп келген. Заманбапташтырууга дейре "Нахимовдо" алыска атуучу С-300Ф "Форт" зениттик-ракеталык системасы менен жабдылган. Эми ал С-400дүн кыйла жакшыртылган аскердик-деңиз вариантына ээ болот.Ар кыл типтеги зениттик ок-дары менен атуучу бул комплекс "көзгө көрүнбөс" учактарды жана башка аба, анын ичинде канаттуу жана баллистикалык буталарды да колго түшүрө алат.
40Н6 ракеталык системалары 400 чакырымга чейинки аралыктан объектилерди талкалайт. "Адмирал Нахимовго" С-400 зениттик-ракеталык тутумдун ок атуучу 96 шахтасы жайгаштырууну боолголоп жатышат, анда бул дүйнөдөгү абадан жасалган чабуулдан эң мыкты корголгон кемеге айланып чыга келет.
Мындан тышкары, жакынкы аймакка ыңгайлашкан "Кортик" зениттик-ракеталык комплекси андан кыйла заманбап "Панцирь-МЕ", ал эми "Оса-М" зениттик ракеталары "Редут" жаңы ракеталарына алмаштырылат. Бирок көбүнесе сокку уруучу комплекстери заманга бапташтырылмакчы.
"Циркондордон" сырткары "Адмирал Нахимов" П-800 "Оникс" кемеге каршы коргонуу ракеталары жана 2500 чакырымга чейинки аралыкка жете алчу "Калибр" канаттуу ракеталары менен куралдандырылат. Алардын баары 80 ячейкадагы ок атуучу ЗС14 вертикалык орнотмолордон кое берилет. Аларды монтаждоо үчүн кемеден П-700 "Гранит" комплексин алып салууга туура келген.
Крейсердин кемеге каршы коргонуу куралдануусу да жаңыртылат. "Адмирал Нахимов" кемени жакынкы аралыктарда торпеда жана суу түбүндөгү кайыктардан коргой турган "Пакет-НК" комплексин алат. Бул система эки типтеги ок-дарыга: МТТ жылуулук торпедалары жана торпедаларга каршы коргонуучу реактивдүү М-15ке ээ. Биринчиси 20 чакырым аралыктан 600 метрге чейинки тереңдиктеги субмариналарды талкалай алат. Экинчиси кемеге чабуул койгон 1,4 чакырымга чейинки аралыктан 800 метрге дейре тереңдиктеги торпедаларды кармай алат.
"Пакет-НК" болушунча автоматташтырылган, өз алдынча бутаны байкап, тааный алат. Кыймылынын параметрлерин аныктап, торпедага жана кемеге каршы коргонуучу торпедага так бута көрсөткүчтөрүн берет. Эки ок-дары тең жетишерлик ыкчам жүрө алат, ылдамдыгы — 50 узел (саатына 92 чакырым).
Албетте, крейсердин электрондук ички курамы да эң заманбап тутумга алмаштырылып, бул кеме экипажынын кырдаалдан кабар алып туруусун алда канча жогорулатат, борттук куралды колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Булардан тышкары, крейсер байланыш жана навигациянын соңку үлгүдөгү системалары, ошондой эле заманбапташтырылган палубалык Ка-27М үч тик учагынан турган авиотоп менен камсыз болмокчу. Бул машиналар экипажга болжолдуу душмандын суу түбүндөгү кайыктарын табууну бир топ жеңилдетет.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Кичинекей кыргызстандык Айлинге кайрадан операция жасоого туура келип жатканын Сатыбалдиевдердин үй-бүлөсүнүн жакындары кабарлашты. Кайдыгер эмес жарандардан жардам керек болууда.
Наристе 2019-жылдын 29-декабрында төрөлгөн. Үч айдан кийин ал ак канга чалдыккан. Кыздын атасы Талант Сатыбалдиев буга чейин Sputnik агенттигине берген маегинде дарыгерлер эки ай убакыт бергенин айткан. Буга байланыштуу 100 миң доллар топтоо үчүн элден жардам суралып, эсеп ачылган эле.
Клиника арзандатуу жасап, топтолгон каражатка 10-ноябрь күнү наристенин жүлүнүнө операция жасалган. Ага энеси донор болуп берген. Үй-бүлө кыздын абалы жакшырып, ооруканадан чыкканын айтышкан.
Бирок Сапанованын айтымында, алар оорукананын имаратынан сырткары үч эле жума жашашты. Кайра текшерүүдөн өткөндө жаңы жүлүндө жетиле элек клеткалар пайда болгону аныкталган. Башкача айтканда, оору наристеге кайра кайтып келген.
Бул жолу кызга атасы Талант Сатыбалдиев донор болуп бермекчи. Ал Борбордук шайлоо комиссиясында иштейт. БШКнын өкүлү Руслан Изреков бир нече күн мурда Сатыбалдиев Түркияга учуп кеткенин тастыктады.
Сапанова биринчи операция үчүн алган карыздарын толук кутулуп бүтө электе экинчи операцияга жардам суроого аргасыз болуп жатышканын айткан. Ал реквизиттерди өзүнүн Facebook баракчасына жарыялаган.