Кыргызстан саясий партиялардын түсүнө оролду

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүСпорт мелдешинде калыс старт берүүдө. Архив
Спорт мелдешинде калыс старт берүүдө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда саясий партиялар үчүн бюджеттик уюмдардын кызматкерлери, жергиликтүү бийлик органдары, байкоочулар, 18 жашка чейинки жарандар жана чет элдиктер үгүт иштерине катышууга укугу жок.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызстанда үгүт иштери расмий башталып, ага Жагорку Кеңешке шайлоого бара турган 14 саясий партия тең катыша алат.

Парламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрына белгиленген. Буга чейин бир ай бою партиялар ар кандай жол менен шайлоочулардын добушун алууга аракет кылат.

Шайлоого келген аксакал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Парламенттик шайлоого ат салыша турган партиялар белгилүү болду
КРдин "Шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамы боюнча үгүт иштерин чогулуштарда, митингдерде жана маалымат каражаттары аркылуу жүргүзүүгө болот. Үгүттөөнүн формасы жана ыкмалары Кыргызстандын мыйзамына туура келиши керек. Шайлоо участкалары үгүт иштерин жүргүзүүнү жана партиялардын шайлоочулар менен жолугушуусун камсыздап бериши шарт.

Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары республикалык бюджеттин эсебинен үгүт иштери үчүн бардык талапка жооп берген жай жана үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн аянт же орун менен камсыздап бериши керек.

Үгүт иштери катары төмөнкүлөр таанылат:

 

  1. Тигил же бул талапкерлерге же аларга каршы добуш берүүгө чакыруу;
  2. Айрым бир талапкерге, саясий партияга ыктоосун билдирүү;
  3. Тигил же бул талапкерге же ага каршы добуш берүүнүн натыйжасын чагылдыруу;
  4. Талапкерлердин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты жайылтуу, мында талапкердин кызмат абалы эске алынбайт.

 

БШК: ЖК депутаттыгына талапкер чиновниктер үгүт учурунда кызматынан четтетилет
Талапкерлерге, саясий партияларга жалпыга маалымдоо каражаттар менен иштешүүсүнө бирдей шарттар түзүлөт. Үгүт иштери ЖМК, массалык иш-чараларды өткөрүү (чогулуштар, жарандар менен жолугушуу, дискуссия, митинг, демонстрация, жүрүш), басылма, аудиовизуалдык жана үгүт материалдарын чыгаруу, мыйзам жол берген башка бардык формалар аркылуу жүргүзүүгө болот.

"Шайлоо жөнүндө" мыйзамда мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, соттор, диний уюмдардын, кайрымдуулук уюмдарынын өкүлдөрү жашы 18ге жете электер, чет элдик жарандар менен уюмдар, жарандыгы жок адамдар үгүт иштерине катыша албайт деп көрсөтүлгөн. 

Үгүт иштери 2015-жылдын 3-октябрында аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0