Парламенттик шайлоо эки депутаттын мушташына себепкер болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЗдание Белого дома Кыргызстана. Архивное фото
Здание Белого дома Кыргызстана. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖК депутаты Кочкор-Атадагы шаардык кеңештин депутатына кол көтөрбөгөндүгүн айтса, жабыр тарткан тарап, башка муштум жегенин маалымдады.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Шаардык кеңештин депутаты Кабылжан Кимсанбаевди урбагандыгын "Республика" фракциясынын депутаты Нурбек Мурашев Sputnik маалымат агенттигине билдирди. 

Блокнотко жазуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шайлоо учурундагы талаш-тартыштарды чечүү боюнча саясий партиялар окуудан өтөт
Ал эми окуянын экинчи катышуучусу Кимсанбаев Жалал-Абаддагы Кочкор-Атадагы шаардык ооруканада дарыланып жаткан жеринен Sputnik маалымат агенттигине окуя тууралуу айтып берди. Чыр Сакалды айылындагы партиянын штабын көргөнү барганда, 3-сентябрда 11:30дарда болгон. 

"Муштумду башыма жегенден уламбы, айтор, эски жараатымды да козголдубу, билбейм, учурда ооруканадамын. Кадимкидей эле машинеге салып, айылдын чекесине алып чыгып уруп жатпайбы. Келтек жебегенге аракет кылдым бирок, катуу муштум башыма тийип калды. Адам уккус уят сөздөр менен сөгүп, коркутту", — деди Кимсанбаев.

ЖК депутатын мурда билип жүргөн шаардык кеңештин депутаты төмөнкүлөрдү кошумчалады. 

"Бул жакка келбе, Сакалдыга кирбе, менин айылым деген сөздөрдү айтты. Мурда "аке" деп, менин инилерим менен теңтуш, жолдош болуп жүргөн бала болчу. Таңгалдым. Баарын мыйзам чегинде чара көрүлсүн деп, окуя боюнча Ноокен ички иштер бөлүмүнө барып арыз жаздым", — деди Кимсанбаев. 

Ал эми депутат Мурашев Кимсанбаев менен 3-сентябрда үгүт иштери боюнча кайым айтышуу болуп кеткен деген маалымат берди.

"Ал "Өнүгүү-Прогрессте". Барсам, шайлоочуларга беш партияга гана добуш берүү туурасында айтып жатыптыр. Бул деген туура эмес. Ал эми анын ооруканага түшкөндүгү туурасындагы маалыматты силерден угуп жатам. Мен азыр Ноокенде жүрөм", — деди ал.

Келе жактан шайлоодо 30-тизмеде Нурбек Мурашев "Бир бол" саясий партиясынан, ал эми Кабулжан Кимсанбаев 53-сапта "Өнүгүү-Прогресстен" талапкер.

Буга чейин 2014-жылы кыш айларында Башкы прокуратура Мурашевдин үстүнөн Улуттук госпиталдын дарыгерин ургандыгы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0