Самаков менен өкмөттүн экс-жетекчилери Чудинов жана Айдаралиев да жоопко тартылат

© AFP / DAMIEN MEYER Фемида кармаган тараза айкели. Архив
Фемида кармаган тараза айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратура учурда Байтик, Лебединовка жана Кара-Жагач айыл өкмөттөрүнө тийиштүү айыл чарба жерлерин турак жай куруу үчүн мыйзамсыз транформацияланышы боюнча Самаковго козголгон кылмыш ишин иликтөө улантылып жатканын белгилейт.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Башкы прокуратура парламенттик шайлоого катышуучу талапкерлердин тизмесиндеги Карганбек Самаковду, мурунку премьер-министр Игорь Чудиновду жана мурунку вице-премьер-министр Искендер Айдаралиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына сунуш менен кайрылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, мекеме учурда Байтик, Лебединовка жана Кара-Жагач айыл өкмөттөрүнө тийиштүү айыл чарба жерлерин турак жай куруу үчүн мыйзамсыз транформацияланышы боюнча Самаковго козголгон кылмыш ишин иликтөө улантылып жатканын белгилейт.

"Тергөө өкмөттүн 262,3 гектар жер тилкесин трансформациялоо боюнча токтому мыйзамсыз чыгарылганын тастыктады. Бул аракеттердин натыйжасында азык-түлүк коопсуздугуна орду толгус зыян келтирилген. Мындан улам Башкы прокуратура аталган токтомду жокко чыгаруунун талап кылат", — деп айтылат билдирүүдө. 

Үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрында өкмөт Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырды. Учурда Самаков менен бирге жогоруда аталган кылмышка тиешеси бар делген жарандар жоопко тартылууда. 

Мындан улам мекеме БШКга ошол кездеги өкмөт жетекчилери Чудинов менен Айдаралиевди кылмыш жообуна тартуу боюнча макулдугун сураган сунуш киргизди.

Жаңылыктар түрмөгү
0