Президент Атамбаев Тажикстанда Россия лидери менен жолугат

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана россиялык кесиптеши Владимир Путин. Архив
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана россиялык кесиптеши Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия президенти ЖККУ саммитине катышуу үчүн Тажикстанга келет. Сапардын алкагында Путин Кыргызстан менен Тажикстандын өлкө башчылары менен жолугушат дейт Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Тажикстанда өтүүчү ЖККУ саммитинин алкагында россиялык кесиптеши Владимир Путин менен жолуга турганын өлкө башчысынын жардамчысы Юрий Ушаков жума күнү билдирди.

Кантта ЖККУнун базасында жайгашкан база. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖККУга мүчө өлкө башчылары авиациялык жалпы күч түзүүнү талкуулайт
ЖККУ саммити Тажикстандын борбору Душанбеде 14-15-сентябрь күндөрү өтөт.

Ушаковдун айтымында Атамбаев менен Путин саммиттен кийин жолугат.

Маалыматка ылайык, жолугушууда президенттер аскердик транзит, жамааттык авиациялык күч түзүү, аларды башкаруу системасы жана аскердик-техникалык кызматташуу боюнча сүйлөшөрү күтүлүүдө.

ЖККУ — Жамааттык коопсуздук тууралуу келишим уюму 1992-жылдын май айында түзүлгөн. Ага Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан мүчө.

Жаңылыктар түрмөгү
0