Саясий партиялар дүйшөмбү күнү КТРК менен ЭлТРден "кайым айтыша" баштайт

Жазылуу
Дүйшөмбү күнү мамлекеттик эки каналда саясий партиялардын тегерек столдору жана жеке чыгуулары башталат. Ал эми 25-сентябрдан тарта талапкер-партиялардын дебаты өтөт.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Дүйшөмбүдөн тарта Кыргызстандын саясий партияларынын эфирдик таймашы башталат.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясында КТРК жана ЭлТР каналдарында эфирдик убакытты бөлүштүрүү боюнча чүчү кулак өткөн. Бөлүнгөн убакыттын алкагында саясий партиялар акысыз эфирге чыга алышат. 

Атамбаев: парламенттик шайлоону таза өткөрсөк, президенттик шайлоодо маселе жаралбайт
БШКнын маалыматына ылайык, партиялардын катышуусу менен өтө турган тегерек столдор КТРК каналында 30-сентябрдан 1-октябрга чейин, ал эми ЭлТРде 14-22-сентябрь күндөрү өтөт. 

Партиялар жеке сөз менен ЭлТР каналынан 14-сентябрдан 1-октябрга чейин, ал эми КТРКдан 16-24-сентябрь күндөрү чыга алышат.

Шайлоого аттанган саясий уюмдардын дебатын КТРКдан 25-29-сентябрда, ал эми ЭлТР каналынан 26-28-сентябрь күндөрү көрүүгө болот.

Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрына белгиленген парламенттик шайлоого карата үгүт өнөктүгү 4-сентябрда башталган. 

Партиялар үчүн эфирдик убакыттын бөлүштүрүлүшүн Sputnik агенттигинин инфографикасынан караңыз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0