Душанбеде cаммит адаттагыдан бөтөнчө башталды

© flickr.com / Chris PriceВид на здания в Душанбе
Вид на здания в Душанбе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Душанбеде ЖККУнун алкагындагы жогорку даражалуу жолугушуунун алдында тышкы иштер министрлеринин, коргоо министрлеринин жана коопсуздук кеңеш катчыларынын биргелешкен кеңешмеси өттү. Sputnik кабарчысы билдиргендей, бул мурдагыларга окшобогон окуя болду.

Душанбенин көчөлөрүндө таңкы саат алтыдан тарта жарандык кийимчендерге караганда, погон тагынгандардын саны көп болду. Рудаки атындагы сейил бакта болсо тескерисинче. Бирок, кыязы, жарандык кийимчен чымыр денелүү жигиттер да кызмат өтөп жүргөн көрүнөт. 

Китепканага кантип барса болот? 

Саат алтыда ары-бери өткөндөр мындай суроону көп угушту, себеби Улуттук китепкананын алдында журналисттер чогулуп жаткан. Автобуска отургузар алдында сакчылар металл издегичтер менен ар бирин текшерип, чөнтөк-сумкаларын кылдат карап жатышты.

© Дмитрий ПисаренкоПеред посадкой в автобус журналистов охранники тщательно водили металлоискателями по их телу и проверяли содержимое сумок
Перед посадкой в автобус журналистов охранники тщательно водили металлоискателями по их телу и проверяли содержимое сумок - Sputnik Кыргызстан
Перед посадкой в автобус журналистов охранники тщательно водили металлоискателями по их телу и проверяли содержимое сумок

Sputnik кабарчысынын флешкасы ок түспөлүндө жасалган болчу — 23-февралда алган белеги эле.

"Башканы жаныма салганга башым жетпегенине өзүмдү өзүм жемелеп, "алып коюшабы, жокпу?", — деп күтүп жаттым…

Президент Алмазбек Атамбаев Тажикстанга иш сапары менен келди
Алышкан жок. Дасыккан сакчылар компьютерге сайгычын көрүп, сыр беришпеди. 

Sputnik кабарчысы калгандардын артынан салонго кирди. Ал жерде эки монитордон Шакира жана Африка жөнүндө берилип ырдап жатыптыр. Автобустун так ортосунда орнотулган мониторду кабарчылар түртүшүп барып сүзүп алып, көпчүлүктө оозго албай турган сөздөр чыгып кетип жатты. 

Азырынча баары көңүлдүү десе да болот.

Тыйын чыкандар жана павлин

Мамлекеттик резиденциядагы "Кохи Сомон" салкын жел менен тосуп алды. Жылуу автобустан кийин жайкы көйнөкчөн кыздар титиреп кетишти.

Жөө 600 метрдей басыш керек болчу, бирок кыздар ошол эле жерден кызыктуу иш табышты — ары-бери чуркап сүрөткө тартып алганга аракет кылгандары тыйын чычкандар болду. Алыстан алгач павлиндин үнү угуп, анан өзү да чыга келди.

© Дмитрий ПисаренкоПавлин в резиденции Кохи Сомон
Павлин в резиденции Кохи Сомон - Sputnik Кыргызстан
Павлин в резиденции Кохи Сомон

Эми болсо баары аны тартып алганы чуркап жөнөштү, анын үстүнө, азырынча олуттуу эч окуя болчудай эмес. Көк чөптөрдү тебелеген журналисттерди эч ким кубалаган жок, ошон үчүн министрлерди күткөнчө алар моокум канганча павлиндин артынан чуркап алышты.

Тездик менен өткөн кеңешме

Кантта ЖККУнун базасында жайгашкан база. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖККУга мүчө өлкө башчылары авиациялык жалпы күч түзүүнү талкуулайт
Кеңешме башталар алдында ЖККУга мүчө мамлекеттердин желектери менен катар уюмдун желеги илинчү саптын учу жок экенин айтып, баары жапырт издеп киришти. Анан ал жолдо жоголгону аныкталган соң, скотчтун жардамы менен тез эле беките коюшту. 

Ал аңгыча Фонтандуу залга кеңешменин катышуучулары кирип, желектердин алдына үч катар тизилип турушту. Биринчи катарда тышкы саясий ведомствонун өкүлдөрү, экинчисинде коргоо министрлери, үчүнчүсүндө коопсуздук кеңештеринин катчылары тизилди. Андан соң баары Ак залга өтүп, ал жерде чогулгандарга Тажикстандын ТИМи Сироджиддин Аслов кайрылып сүйлөдү.

"Биздин Душанбедеги жолугушуубуз адаттан тышкаркы форматта өтүп жатат. Биз мурдагыдай мамлекет башчыларынын жолугушарынын алдында эмес, алар менен бир күндө кеңешмеге чогулуп жатабыз. Ушуга байланыштуу биздин жетекчилердин иш тартибине таасир бербеши керек болгон бул иш-чаранын бөтөнчө маанисин жана жооптуулугун баса белгилегим келет", — деди министр.

ЖККУнун Тышкы иштер министрлер кеңешинин, Коргоо министрлер кеңешинин жана Коопсуздук кеңеш катчыларынын комитетинин биргелешкен кеңешмесине болгону бир саат бөлүнгөн. Бул убакыт аралыгында делегация башчылары кызматаштыкты бекемдөө, тынчтыкты орнотуу жана өзгөчө кырдаалдарда биргелешип чара көрүү жаатындагы 24 маселени талкуулоого үлгүрүштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0