БШК 6 партияга үгүт өнөктүгүндөгү эреже бузуулар үчүн эскертүү берилди

© Sputnik / Табылды КадырбековЖурналга жазып жаткан аял. Архив
Журналга жазып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БШК "Өнүгүү-Прогресс", "Аалам", "Замандаш", "Республика-Ата Журт", "Ата-Мекен" жана "Бир Бол" партияларына шайлоо жөнүндөгү мыйзам бузгандыгы үчүн эскертүү катын жөнөттү.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы өз жыйынында үгүт өнөктүгүнүн эрежесин бузгандыгы үчүн алты партияга эскертүү бергенин БШК билдирди.

Биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сарпашев: партиялардын ПИН-код жыйнап жаткан себебин түшүнбөйм
Маалыматка ылайык, комиссия "Өнүгүү-Прогресс", "Аалам", "Замандаш", "Республика-Ата Журт", "Ата-Мекен" жана "Бир Бол" партияларынын ишмердүүлүгүндө эреже бузууларды аныктаган.

Мында "Бир Бол" жана "Аалам" партиялары маалымат каражаттары менен түзүлгөн келишимди берүү — кабыл алуу актысын түзбөгөндүгүн белгилейт.

Мындан тышкары, "Азаттык" партиясы балдар сүрөтү пайдаланылган плакаттарды алып салууну тапшырды. Мыйзам боюнча жашы жете электерди үгүт иштерине тартуу шайлоо жөнүндөгү мыйзамды бузгандык болуп саналат. 

БШК алты партияга эскертүү катын жөнөтүп, калган сегиз партияга оозеки түрүндө эскертүү берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0