Парламенттик шайлоого көз салуу үчүн КМШ мамлекеттеринин миссиясы келди

© пресс-служба мэрии города БишкекБрошюра. Архив
Брошюра. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КМШ байкоочулары узак жана кыска мөөнөттүү негизде иш алып барат.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. КМШ мамлекеттеринин байкоочулар миссиясы Кыргызстанга алдыда боло турган парламенттик шайлоого көз салуу үчүн келгенин Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш шайлоосу келе жаткан жекшемби күнү болот. Парламенттик орун үчүн 14 партия ат салышат. Буга чейин БШК каттоосунан 300дөн ашуун чет элдик байкоочу өткөн.

Кыргызстанда биринчи жолу шайлоо биометрикалык маалыматтын негизинде жүрөт. Биометриядан өткөн 2,7 миллион шайлоочу добуш берүү укугуна ээ.

2015-жылы Жогорку Кеңешке болуучу шайлоолордун жүрүшү туурасында Sputnik маалымат агенттигинин атайын долбоорунан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0