Путин менен Обама Сирия жана Украинанын көйгөйлөрүн талкуулашты

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүВладимир Путин менен Барак Обама. Архив
Владимир Путин менен Барак Обама. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БУУнун Башкы ассамблеясынын чегинде россиялык жана америкалык лидерлердин узакка созулган сүйлөшүүлөрү аймактык курч маселелерди чечүүдө чоң бурулуш жасабаса да, жогорку деңгээлдеги диалогдун калыбына келгенин тастыктады.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Владимир Путин менен Барак Обама дүйшөмбү күнү акыркы эки жылдан бери биринчи жолу бетме-бет жолугуп, анын жүрүшүндө Сирия менен Украинадагы чыр-чатакты талкуулашты.

Time: Путин Обамага "мен эскертпедим беле" деп айтууга укуктуу
Жолугушуудан кийин Путин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Россия "Ислам мамлекетине" каршы күрөшүүдө мындан ары да Сириянын президенти Башар Асадга жардам берүүнү уланта турганын, бирок экстремисттерге каршы кургактыктан согушууга катышпастыгын айтты. Ошондой эле ал Сирияда чыр-чатакка барбаш үчүн россиялык жана америкалык аскерлер диалогду жөнгө сала турганын, ал эми Украинадагы чыр-чатакты чечүүдө АКШнын ролу ансыз деле активдүү экенин, себеби ал "Киевдин аркасында турганын" белгиледи. 

Пландалган элүү мүнөттүн ордуна бир жарым саат созулган россиялык жана америкалык лидерлердин сүйлөшүүлөрү аймактык курч маселелерди чечүүдө чоң бурулуш жасабаса да, жогорку деңгээлдеги диалогдун калыбына келгенин тастыктады.

"Ислам мамлекетине" каршы күрөштө кимге жана кандай жардам көрсөтүү керек

Путин жогушуудан кийин Сирияда чыр-чатакты теске салууга жана "Ислам мамлекетине" каршы күрөшкө кызыккан бардык өлкөлөрдү түйшөлткөн эң башкы суроого жооп берди. Ал: "Россия террористтерге каршы кургактыктан операция жүргүзүүгө аскерлерди алып киреби?" деген суроо эле. 

"Террорго каршы күрөш Сириянын өзүндөгү саясий процесстер менен катар жүргүзүлүшү керек. Бирок россиялык аскерлердин кургактыктан операцияларда катышуусу жөнүндө эч сөз болушу мүмкүн эмес", — деди Россиянын президенти.

Financial Times: "Путиндин сириялык гамбити" АКШнын айласын түгөттү
"Биз өз катышуубуз жөнүндө ойлонуудабыз. Эч нерсени четке какпасак да, ар кадамыбызды эл аралык ченемдерге ылайык жасайбыз", — деп кошумчалоо менен андай ченемдерге БУУнун чечимдери жана Сирия тараптын суранычтары кире турганын түшүндүрдү Путин.

Путин бул жагынан алганда АКШ менен анын шериктештеринин Сириядагы операциялары мыйзамсыз экенин эске салып, террористтерге чыныгы каршылыкты көрсөтүп жаткан Сириянын аскерлерине жана күрддөрдүн ыктыярчылар тобуна жардам бериш керектигин айтты.

Анын терроризмге каршы күрөшүү менен саясий жөнгө салуу өз ара байланышта деген пикири Вашингтондун көз карашына жакын болуп, Асаддын тагдыры жөнүндө ойлору кайчы келгенине карабай, Россия менен АКШнын кырдаалга карата мамилелери бир экендигин көрсөтөт.

Асаддын тагдырын ким чечет

Москванын Сирия боюнча көз карашы айкын болгонун Ак үйдөн ырасташты: Россия "Ислам мамлекетине" каршы күрөшүп, өлкөнүн өкмөтүнө, башкача айтканда, Асадга колдоо көрсөтөт. Биринчисин Вашингтондо туура көрүшсө, экинчисин терс кабыл алат. Бул боюнча сүйлөшүү учурунда президенттер тил табыша алган жок көрүнөт.

"Мен өзүмдүн америкалык жана француз кесиптештеримди терең сыйлайм, бирок алар, менин билишимче, Сириянын жарандары эмес. Демек, бул өлкөнүн жетекчисинин тагдырын чечүүгө катыша алышпайт. Бул, кантсе да, сириялыктардын иши", — деди Путин.

"Достук отуна" кантип жол бербөө керек

Independent: Жакынкы Чыгышта көзүрдүн баары Путиндин колунда
"Ислам мамлекетинин" террористери жасап жаткандарды эске алганда, аларды улутчулдар менен теңдештирүүгө толук негиз бар деп белгиледи ал. "Ушуну түшүнүп туруп, бул коркунучка каршы мүмкүн болушунча көбүрөөк өлкөлөрдү түп көтөрсөк дейм", — деп кошумчалады президент.

Ал дал ушул максатта Россия, Сирия, Иран жана Ирак экстремисттер менен күрөшүү үчүн зарыл маалыматтык топтой турган координациялык борбор түзгөнүн эске салды. "Албетте, бирдиктүү командалык жана анын кол алдындагы аскердик аракеттер жөнүндө кеп болгон жок, борбор биздин аракеттерибизди жөнгө салып турат", — деп түшүндүрдү Путин. 

"Буга терроризмге каршы күрөшүүнү каалагандардын баары кошула алат. Азыр АКШ менен бул багытта эки тараптуу иштерди күчтөндүрүп, тийиштүү биргелешкен жол-жоболорду түзүү жөнүндө ойлонобуз", — деди ал. 

Путин ушундай эле иштерди, бирок атайын түзүмдөрдү уюштуруусуз, Израиль, Сауд Аравиясы, Түркия, Иордания менен да алып баруу зарылчылыгын кошумчалады. 

Киевдин артында ким турат

Башынан Обама Путин менен Украинадагы абалды жана Минск макулдашууларын ишке ашыруу маселесин талкуулоону пландап жатат деп айтылган. Бирок сүйлөшүүлөр башталганга чейин эле анын башкы темасы Сирия болору айкын эле, себеби ал өлкөдөн качкындарга байланыштуу дүйнөлүк кырдаал курчуй баштаган. Натыйжада, БУУнун ассамблеясындагы сөзүндө Обама да 42 мүнөттүк сөзүнүн эки мүнөтүн Украинага гана арнады. 

Путин болсо эмне үчүн Украинадагы абалды жөнгө салуу маселеси Обама менен талкууланганын түшүндүрүү менен гана чектелди. 

"Россия, Франция жана Германия "нормандиялык форматтын" алкагында жүргүзүп жаткан иштердей көзгө көрүнөрдүк ачык болбосо да, АКШ Украинадагы чыр-чатакты жөндөштүрүүгө ушунчалык активдүү катышып жатат. Ал кайсы бир деңгээлде Киев бийлигинин артында турат жана европалыктар менен такай байланышта. Бирок Россия менен АКШнын ТИМ жана мамдепартамент аркылуу жакшы иштиктүү жана туруктуу байланыш жөнгө салынган. Бүгүнкү кеңешүүлөрдө биздин америкалык кесиптештер иштин жөнүн толук билише турганын жана бул процесске таасир кылып жатканын көрсөттү", — деди Путин.

Журналисттер россиялык лидер сөз сүйлөр алдында залдан чыгып кеткен украиналык президент Петр Порошенконун жүрүм-турмуна карата оюн сурашты. "Мен сөз сүйлөп жатканда Укаинанын президенти жок болгонун байкабаптырмын. Дегинкиси, мен үчүн баарынын толук катышуусу эч мааниге ээ эмес болчу. Анын үстүнө, кимге кызыгы жок болсо, аларга отура бергендин кереги эмне?", — деди Путин. 

Россияга каршы санкциялар жөнүндө суроого Путин: "Санкциялар жана бөлүп салуу саясаты эч натыйжасыз экенин, ал өз максатын жетпей турганын биз мурда эле айтканбыз. Айрыкча, Россия өңдүү өлкө үчүн бул эч мүмкүн эмес. Муну түшүнүш үчүн географиялык картаны карап көрсөңөр эле жетиштүү болот", — деди ал.

Диалогдун "сырдуу маанилери" жана мүмкүнчүлүктөрү

Обама менен Эрдоган Сирия тараптан согушкерлердин агымын токтотууну сүйлөштү
Обама менен болгон жолугушуусун Путин "жемиштүү, иштиктүү жана таң калычтуусу — ачык" болду деп баалады. Ал ошондой эле жапы келишүүчүлүктөр менен катар, кайчы ойлор да калганын белгиледи. "Пикир келишпестиктер белгилүү, аларды кайталоонун кажети жок. Бирок жалпы көйгөлөрдүн үстүндө бирге иштөөгө мүмкүндүк бар деп ойлойм", — деди россиялык лидер.

ЖМК өкүлдөрү болсо эки президенттин күнү бою байланышуусунун "сырдуу маанисин" билүүгө аракет кылышты. Мисалы, Путин менен Обама бокал кармап турган сүрөткө кызыгышты. Анда Пан Ги Мун экөөнүн ортосунда отурушу керек болчу экен. Бирок ал эки президент сүйлөшүп алсын деп четке чыгып кеткен имиш. 

"Мунун эч сыры жок, болгону, протоколдук иш-чара. Ал эми сүйлөшүү чынында эле мен айткандай, жемиштүү, орчундуу жана аябай ачык болду", — деп жооп берген Путин, Обама экөө Пан Ги Мун трибунадан тост көтөрүп жатканда бокал кармагандарын айтты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0