Жымжырттык күнү: партиялардын шайлоо алдындагы жарышына саресеп салганда

© пресс-служба мэрии города Бишкек"Жогорку кенешке шайлоо" баракчасы. Архив
Жогорку кенешке шайлоо баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үгүт кампаниясы туура бир айга созулду. Бул мезгил аралыгында 14 партиянын 10у үгүт эрежелерин бузуп, ИИМ аларга байланыштуу бир нече кылмыш ишин козгоду.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Бир ай бою кыргызстандыктар республиканын ар бир булуң-бурчунда саясий партиялар менен таанышып, алардын убадаларына кулак төшөп, парламентте орун үчүн ат салышууга белсенген талапкерлерин угушту. Болочок депуттардын үнү угулбаган жер калган жок. Бирок "Шайлоо жөнүндө" мыйзамда атайын Жымжырттык күнү каралып, ал ар бир жаранга өз добушун ким үчүн берүүнү өз алдынча ойлонуп, эч бир кысымсыз чечүү мүмкүнчүлүгүн түзөт. Үгүт кампаниясы 4-сентябрда башталган болчу. 

Подготовка к парламентским выборам в Бишкеке. - Sputnik Кыргызстан
Шайлоого карата участкалардын даярдыгы кандай?
Парламентке шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында болот. Буга чейин партиялар ар түрдүү ыкмалар менен шайлоочулардын добушун өзүнө каратууга аракет жүргүзүштү.

"Шайлоо жөнүндө" Конституциялык мыйзам боюнча үгүт иштерин жыйындарда, митингдерде жана ЖМК аркылуу, ошондой эле ар түрдү аудио жана визуалдык каражаттардын жардамы менен жүргүзүүгө уруксат берилген.

Ошол эле мыйзам боюнча үгүт иштери шайлоо башталарга 24 саат калганда токтошу керек.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Канатбек Азиздин айтымында, бардык саясий партиялар ЖМКлар аркылуу аудио жана визуалдык үгүттөрүн токтотууга милдеттүү.

"Бул мезгилде үгүт мазмунундагы жарнама мамылары, баннерлер өз ордунда калса болот", — деди ал.

БШКнын өкүлү "Жымжырттык күнү" эрежеси бузула турган болсо, саясий партия же анын өкүлү БШКдан эскертүү аларын кошумчалады.

Күн - Sputnik Кыргызстан
Парламенттик шайлоо күнү магниттик бороон болот
ИМдин маалыматы боюнча, үгүт кампаниясы жүргөн бир ай ичинде 60тан ашык окуялар менен мыйзам бузуулар катталып, алардын алтоосу боюнча кылмыш иштери козголгон жана учурда тергөө жүрүп жатат.

Алардын эң чуулгандуулары депутаттыкка талапкерлер менен партиялардын үгүтчүлөрү катышкан иштер болду. Алсак, "Республика" партиясынан талапкер Нурбек Мурашев "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын өкүлү Кабылбек Кимсанбаев менен мушташа кетип, натыйжада экинчиси ооруканага жатып калды. Мурашев болсо мушташканын моюнга алган жок. Кылмыш иши козголгондон кийин БШК депутаттыкка талапкерге эскертүү берди

Дагы бир мушташ үгүт айында кылмыш ишин козгоого себеп болду. Өткөн бейшембиде "Республики — Ата-Журт" партиясынын тең төрагасы Ташиев менен "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан талапкер Абдыманап Абдыбахаповдун ортосунда чыккан чыр-чатак мушташка жетип, Ташиев экинчисин токмоктоп салган. Окуя Жалал-Абад облусунун Сузак районунда болуп, жабырлануучу ооруканага жеткирилген.

Натыйжада, БШК Камчыбек Ташиевди партиянын тизмесинен алып салуу менен, депутаттыкка талапкер статусунан ажыратты. Комиссиянын чечиминин үстүнөн арыз берген Ташиев борбор калаанын Биринчи май сотунда утулуп калды.

Вице-премьер-министр Маматалиев Абдырахман. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ шайлоо өнөктөштүгү учурунда болуп кете турган чукул кырдаалга даяр
Нарын облусунун үгүтчүлөрүнүн ортосундагы айтышуу мушташка айланып, акыры бычакташуу менен бүттү. Бирок анда кылмыш иши козголгон жок. Айылдаштар кайра элдешип тынышты.

ИИМ менен БШК бир ай бою өлкө боюнча баннерлерди жулуп салган учурларды бүтүндөй өлкө боюнча каттап жатышты. Бул жагынан "Ата-Мекен", "Республика – Ата-Журт" жана "Кыргызстан" паритялары баарынан көп жабыр тарткан.

БШК саясий партияларга расмий да, кат жүзүндө эскертүүлөрдү берип жатты. Төрт партия гана үгүт мезгилинде эч кандай эскертүү алган жок. 

Мамлекеттик телеканалдардан алдыдагы шайлоодо ат салыша турган партиялардын ортосунда дебаттар өттү. Бактыга жарашабы, же тилекке каршыбы, иши кылып, экрандан мушташ болгон жок. Бирок түз эфирге жана андагы сюжетке байланыштуу "Ата-Мекен" менен "Бүтүн Кыргызстан Эмгек" кагыша кетти. 

Жалпысынан, БШК мүчөлөрүнүн пикиринде, үгүт кампаниясы тынч өттү. Бирок "Шайлоо жөнүндө" бузулганы аныкталган учурда БШК партияны добуш берилген күндөн кийин жана шайлоо жыйынтыктары жарыяланганча жарыштан алып салууга укуктуу.

Бюллетеньдерди саноо процесси. Архив - Sputnik Кыргызстан
БШК: үгүт эрежесин бузган партияны шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин четтетсе болот
Өкмөттөн убада кылгандай, шайлоо таза жана ачык өтөт. Бардык күч түзүмдөрү бир жумадан бери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө жана канча талап кылынса, ошончо убакыт ушундай шартта иштөөгө даяр. Премьер министр Темир Сариев шайлоонун натыйжасына канааттанбагандардын митингдерине чыдабай тургандыгын күн мурунтан эле эскертти.

Ал эми мамлекет башысы Алмазбек Атамбаев шайлоонун жыйынытыгына баары ыраазы болушу үчүн добуштарды, керек болсо, он сыйра санап чыгууну талап кылды. 

Эми кезек 2,374 шайлоо участокторуна келе турган 2 миллион 761 миң 269 шайлоочуда.

Жаңылыктар түрмөгү
0