Мадумаров шайлоонун жыйынтыгы боюнча: үмүттөрдүн бырын-чырыны чыкты

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүү"Бүтүн Кыргызстан Эмгек" партиясынын тең төрагасы Адахан Мадумаров. Архив
Бүтүн Кыргызстан Эмгек партиясынын тең төрагасы Адахан Мадумаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер шайлоонун жүрүшүндө олуттуу мыйзам бузуулар аныктала турган болсо, "Бүтүн Кыргызстан Эмгек" партиясы сотко кайрылышы мүмкүн.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. "Бүтүн Кыргызстан Эмгек" партиясынын тең төрагасы Адахан Мадумаров жекшемби күнү болгон шайлоонун жыйынтыктарына комментарий берип, аны үмүттөрдүн кыйрашы деп атады.

Ар-Намыс партиясынын лидери Феликс Кулов. - Sputnik Кыргызстан
Жолдошова, Кулов, Бакир уулу: жаңы парламентке кимдер кирбей калды?
Борбордук шайлоо комиссиясы берген алдын ала маалыматтарга ылайык, парламентке алты партия өттү. Алар: КСДП, "Республика — Ата-Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү — Прогресс", "Бир Бол" жана "Ата Мекен" партиялары. Ал эми "Бүтүн Кыргызстан Эмгек" партиясы алты пайыздан ашык гана добуш алып, жети пайыздык босогону аша албай калды. 2010-жылкы шайлоодо да Мадумаровдун "Бүтүн Кыргызстан" партиясы парламентке келиши үчүн бир пайыз добуш жетпей калган.

Анын айтымында, шайлоодо колдонулган жаңы техника бир аз кооптонууну жаратты. Себеби, бир катар шайлоочулар өздөрүн тизмеден таппай жатышты. Кээси добуш бере элек болсо да, автоматтык жабдуулар анын добуш бергендиги тууралуу маалымат чыгарган.

"БШК бул тууралуу бир нече жолу айтты. Бул шектенүүнү жаратат. Кээ бир шайлоо участокторунда кишилер бири-бирин мыкты билишет. Алар макулдашып алып келип, бир партияга добуш берсе, жыйынтыгында таптакыр башка нерсе чыгып жатат", — деди Мадумаров.

Анын айтымында, Ош облусунда 800 мыйзам бузуу катталса, Чүй облусунда анын саны 500-600гө жеткен.

"Биз үмүттөрдүн талкаланганын жана жапырт сатып алуу болгонун билебиз. Бийлик дагы, тийиштүү укук коргоо органдары да бул тууралуу кабардар", — дейт "Бүтүн Кыргызстан Эмгек" партиясынын тең төрагасы.

Жети пайыздык босогодон өтө албай калган партиялардын тизмеси
Жаңы парламент тууралуу айтып жатып, ал коалициялык көпчүлүктү куроо мандатын президент КСДП партиясына берерин белгиледи. Анын пикиринде, коалициялык көпчүлүктү КСДП, "Кыргызстан" жана "Өнүгүү — Прогресс" партиялары түзөт.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп, ага 14 саясий партия ат салышты. КМШ мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан биринчилерден болуп шайлоону биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен өткөрдү. Өлкөнүн 2 миллион 671 миң 297 жараны биометрикалык маалыматтарын тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0