Парламентке келчү партиялар талапкерлердин тизмесин жаңылоону баштады

Жазылуу
Шайлоого катышуучу партиялардын БШКда каттоодон өтүп жаткандагы берген тизмеси өзгөрүп, анын ортосунда же аягында тургандар парламентке келиши толук ыктымал. Буга тиги же бул талапкердин депутаттык мандаттан баш тартуу тууралуу арызы себеп болушу мүмкүн.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бүйүр кызыткан шайлоонун шаңы аяктап, эми партиялардын алдында фракция түзүү маселеси курч турат. 

Бул жолку шайлоонун негизги күтүүсүз жагдайы болуп парламентке буга чейин божомолдонгондой төрт эмес, алты партиянын жеңип чыгышы болду.

Алдын ала жыйынтык боюнча КСДП, "Республика — Ата-Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү — Прогресс", "Бир Бол" жана "Ата Мекен" партиялары жети пайыздык босогодон өткөн.

Бүтүн Кыргызстан Эмгек саясий партиясынын теңтөрагасы Адахан Мадумаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
БШК: "Бүтүн Кыргызстан Эмгек" партиясынын билдирүүсү суу кечпейт
Автоматтык эсептөөнүн натыйжасында КСДП 37, "Республика — Ата-Журт" 29 мандатка ээ болот. "Кыргызстан" партиясына 18 орун тийсе, "Өнүгүү — Прогресс" партиясынан 13 депутат келет. Ал эми "Бир Бол" 12 мандат алса, "Ата Мекен" партиясына 11 депутаттык орундун ээси болот.

Талапкерлердин тизмеси партиялардын шайлоого катышуу үчүн каттоодон өтүп жатканда бир нече ай мурун түзүлгөн. Тизме түзүү маалында негизги фактор катары гендердик тең салмактуулук, улуттук азчылык, жаштар квотасы жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын киришине басым жасалган.

БШК мүчөсү Канатбек Азиздин айтымында, саясий партиялар дагы бир ирет талапкерлердин тизмесин карап чыгууга укугу бар. 

"Бирок мында талапкерлер тизмеден депутаттык мандаттан өз ыктыяры менен баш тарткан арыз жазышы керек. Партия эч кимди өз макулдугусуз тизмеден чие албайт. Эгер ага барса, одоно мыйзам бузуу болуп саналат", — деди ал.

Шайлоо участагында добуштарды саноо. Архив - Sputnik Кыргызстан
БШК ушул убакка чейин 16 участоктон шайлоонун жыйынтыгын ала элек
Канатбек Азиз талапкерлердин акыркы тизмеси шайлоонун расмий жыйынтыгы чыкканга чейин берилиши керектигин кошумчалады. Андан кийин ал парламент бул чакырылыш иштей турган беш жыл бою өзгөртүлбөйт.

КСДП партиясынын лидери Чыныбай Турсунбеков партия талапкерлеринин тизмеси жаңылабайт деп билдирди. Бирок, эгер кимдир бирөө депутат болууну каалабаса, аны зордоп эч ким кармабайт деди ал.

"Жумушка, үй-бүлөгө байланыштуу ар кандай кырдаалдар болушу мүмкүн. Мындан улам алар арыз жазып, тизмеден чыгууга укуктуу", — деди партиянын башчысы.

Турсунбеков партия мыйзам чегинде иштей турганын белгиледи.

"Кыргызстан" партиясы тизмени өзгөртүү тууралуу азырынча ойлоно электигин, бирок буга убакыт али бар деп билдирди.

"Республика — Ата-Журт" партиясынын штабы талапкерлердин тизмесин жаңылоо башталганын айтты.

"Жогорку Кеңешке аймактарда көп иш жасап, жеңишке жетишүүгө көмөк көрсөткөндөр барат", — партиянын өкүлү.

Бешинчи болуп келген "Бир Бол" партиясы үгүт өнөктүгүнө жигердүү катышкан талапкерлерге басым жасай турганын белгиледи.

"Биз алардын активдүүлүгүнө, аймактардан алган добуштарына карайбыз", — деди партиянын аткаруу комитетинин жетекчиси Досалы Эсеналиев.

"Ата Мекен" партиясынын маалымат катчысы Илич Кулназаров уюмдун тизмеси дээрлик өзгөрбөй турганын, бирок акыркы чечимди партиянын лидери Өмүрбек Текебаев кабыл аларын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0