БШК "Бүтүн Кыргызстан Эмгек" партиясы айткан мыйзам бузууларды тапкан жок

© Sputnik / Табылды КадырбековБюллетендерди саноо процесси. Архив
Бюллетендерди саноо процесси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Партиялардын биринин арызы менен БШК түштүк облустарынын тогуз шайлоо участогунда добуштарды кайра санап чыкты. Анын натыйжасында протоколдо көрсөтүлгөн жыйынтык кайра тастыкталды.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы "Бүтүн Кыргызстан Эмгек" партиясынын шайлоо учурунда мыйзам бузууларды каттаган арызынын негизинде добуштар кайра саналган тогуз участоктон мыйзам бузуу тапкан жок. Бул тууралуу Sputnik агенттигине БШК мүчөсү Жеңишбек Акматов билдирди.

"Бүтүн Кыргызстан Эмгек" партиясы БШКдан добуштарды кайра саноону талап кылууда
Буга чейин аталган партия Ош облусунун Өзгөн районундагы төрт участокто, Араван районунун үч участогунда жана Ош шаарынын эки участогунда шайлоонун жыйынтыгын кайра кароо арызы менен БШКга кайрылган. 

Комиссия өкүлдөрү аталган аймактарда добуштарды кайра санап чыгып, натыйжада протоколдо көрсөтүлгөн жыйынтыкка ээ болгон. Аравандагы участоктун биринде автоматтык саноочу урналар тарабынан жараксыз деп табылган алты бюллетень жарактуу деп санакка алынган.

"Калган сегиз участокто бир дагы төп келбей калуу аныкталган жок", — деди Акматов.

Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп, анда 14 саясий партия ат салышты. Алдын ала маалымат боюнча Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышына КСДП, "Республика — Ата-Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс", "Бир Бол" жана "Ата Мекен" партиялары өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0