Мадумаров: добуштардын кайта саналышын талап кылабыз

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Бүтүн Кыргызстан Эмгек" партиясынын тең төрагасы Адахан Мадумаров. Архив
Бүтүн Кыргызстан Эмгек партиясынын тең төрагасы Адахан Мадумаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бүтүн Кыргызстан Эмгек" партиясынын тең төрагасы алардын партиясына карата бут тосуулар болуп жатат дейт.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Талаш жараткан шайлоо участкаларында добуштарды кайтадан саноону талап кыла тургандыгын "Бүтүн Кыргызстан Эмгек" партиясынын тең төрагасы Адахан Мадумаров маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, алардын колунда талаштуу делген 40 шайлоо участкасындагы добуштардын кол санагы бар, колго саналган бюллетендер менен автоматташтырылган урналардан алынган маалыматтар дал келбейт.

"Борбордук шайлоо комиссиясы талаш жараткан шайлоо участкаларындагы бюллетендерди кайтадан санап чыгууга көнбөй жатат. Ушул эле 40 шайлоо участкасында биздин партияга берилген 800дөй добуш саналган эмес. Жети пайыздык тосмону өтүү үчүн партияга 10 миңдей добуш жетишпейт", — деди ал.

БШК "Бүтүн Кыргызстан Эмгек" партиясы айткан мыйзам бузууларды тапкан жок
Мадумаров ошондой эле автоматташтырылган урналарды текшерүү учурунда эле добуштар берилип кеткенин айтып, анын далили катары 22-сентябрда добуш берилген бюллетендер чыгып жатканын айтты.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп, 14 партиянын алтоосу гана жети пайыздык босогону өтө алган. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала берген жыйынтыгы боюнча "Бүтүн Кыргызстан Эмгек" партиясы 6,14 пайыз добушка ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0