Депутат Коркмазов Нарымбаев ага кысым жасап жатканын билдирди

© Sputnik / Эркин АлымбековАйыпталып жаткан депутат Хажимурат Коркмазов.
Айыпталып жаткан депутат Хажимурат Коркмазов. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыпталып жаткан депутат өз укугунан пайдаланып, Нарымбаевдин жактоочусунун суроосуна жооп берүүдөн баш тартты.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазов президенттик аппараттын экс-жетекчиси Данияр Нарымбаев ага кысым жасап жатканын сотто билдирди.

Руководитель аппарата президента Кыргызстана Данияр Нарымбаев. - Sputnik Кыргызстан
Нарымбаев менен Коркмазовдун кылмыш иши сотко жиберилди
Июль айынын ортосунда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Коркмазовду 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаган. Башкы прокуратура анын экс-депутат Нариман Түлеевдин жакындарынан ишти Жогорку сотто оң жагына оодаруу үчүн 200 миң доллар пара талап кылганын билдирген. Аталган иште президент аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаевдин аты аталган. Көп узабай ал дагы пара талап кылууга шектелип камакка алынган. Кармалган жарандар УКМКнын тергөө абагында отурат.

"Данияр Ильич менин май айында берген көрсөтмөлөрүмдү өзгөртүүнү сурап жатат. Мен өз жолуман тайбай, чындыкты гана айта турганымды билдирдим. Эми мага кысым жасалып жатат. Керек болсо, аягына чейин дарылана албай да жатам. Өз укугуман пайдаланып, Нарымбаевдин тарабы менен кызматташуудан баш тартып, анын жактоочуларынын суроосуна жооп бербейм", — деди Коркмазов.

Мындан кийин соттун жүрүшүндө Нарымбаев менен Коркмазовдун адвокаттары айтыша кетишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0