Соттолуп жаткан Нарымбаев күнөөнү депутат Коркмазовдун өзүнө оодарды

© Sputnik / Эркин АлымбековСоттолуп жаткан Данияр Нарымбаев.
Соттолуп жаткан Данияр Нарымбаев. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Нарымбаев менен темир тордо отурган Коркмазов президенттик аппараттын мурунку жетекчиси ага үстөмдүк жасап жатканын билдирген.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Президент аппаратынын мурунку жетекчиси Данияр Нарымбаев Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазовдун берген көрсөтмөлөрүн четке кагып, күнөөнү анын өзүнө оодарды.

Буга чейин ушул эле сот процессинде Коркмазов "Түлеевдин кылмыш ишин кароодо оң жагына чечилишине жардам берүү үчүн экс-мэрдин жакындарынан акча алган" Нарымбаевге каршы көрсөтмө берген. 

"Бул жалган сөз. Мен Назгүл Түлеева менен жолукканым чын. Андан кийин Жогорку соттун судьясы Турганбековго чалгам. Бирок мен кылмыш иши укук чегинде каралып, чечим адилеттүү болушун сурангам", — деди Нарымбаев.

Айыпталып жаткан депутат Хажимурат Коркмазов. - Sputnik Кыргызстан
Депутат Коркмазов Нарымбаев ага кысым жасап жатканын билдирди
Июль айынын ортосунда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Коркмазовду 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаган. Башкы прокуратура анын экс-депутат Нариман Түлеевдин жакындарынан ишти Жогорку сотто оң жагына оодаруу үчүн 200 миң доллар пара талап кылганын билдирген. Аталган иште президент аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаевдин аты аталган. Көп узабай ал дагы пара талап кылууга шектелип камакка алынган. Айыпталуучулар УКМКнын тергөө абагында отурат.

Жаңылыктар түрмөгү
0