Вице-премьер Маматалиев КР менен Тажикстандын достугун чыңдоо үчүн Душанбеге учту

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-премьер Абдырахман Маматалиев. Архив
Вице-премьер Абдырахман Маматалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки мамлекеттин өкмөт өкүлдөрү эки күн ичинде кызматташуунун бир катар маселелерин талкуулашат.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Вице-премьер Абдырахман Маматалиев чек ара маселелерин сүйлөшүү үчүн Тажикстанга учуп кеткенин КР өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.

Кытай мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ эми Кытай менен жаңы өңүттөгү кызматташуу туурасында сүйлөшүүнү баштайт
22-23-октябрда Душанбе шаарында өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өтөт. Ал жакта Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланат деп айтылат билдирүүдө.

Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында ошондой эле, энергетика, транспорт, суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу, чек ара жана башка маселелер талкууланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0