Алмаз Кененбаев Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болду

© Sputnik / Табылды КадырбековПортфель кармаган чиновник. Архив
Портфель кармаган чиновник. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык кеңештин мурдагы төрагасы Марат Аманкулов Жогорку Кеңешке Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп келди.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Алмаз Кененбаев Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Бишкек шаарынын мэриясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаардык кеңештин төрагалыгына Алмаз Кененбаев менен Жамал Рысалиев ат салышууда
Буга чейин шаардык кеңешти жетектеп келген Марат Аманкулов Жогорку Кеңешке Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын тизмеси менен депутат болуп келди. 

Кененбаев шаардык кеңеште КСДП фракциясын жетектеп келген. Анын талапкерлиги үчүн 39 депутаттын 26 өкүлү добуш берген. "Замандаш" фракциясынан катталган экинчи талапкер Жамалбек Рысалиев болгону үч добушка ээ болду. Бардыгы болуп кеңеште 45 эл өкүлү бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0