Жаңы депутаттардын эртең мандат алышы күтүлүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку кеңештин жыйыны. Архив
Жогорку кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзамга ылайык, жаңы чакырылыштагы депутаттардын алгачкы жыйыны 30-октябрдан кеч эмес өтүшү керек.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Эртең Жогорку Кеңешке шайланган VI чакырылыштын депутаттарынын биринчи жыйыны болуп, мандат алышы күтүлүүдө. Бул туурасына Sputnik маалымат сайтына КСДП партиясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди.

"БШКнын мандаттардын тапшырылышын эртең болот деп күтүп жатабыз", — деди Турсунбеков.

Жогорку Кенеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы депутаттардын биринчи жыйыны өтчү күндү партиялар аныктайт
Мыйзамга ылайык, жаңы чакырылыштагы депутаттардын алгачкы жыйыны 30-октябрдан кеч эмес өтүшү керек. Ал эми так күнүн жеңүүчү аталган партиялар түзгөн топ аныктайт. 

Шейшемби күнү БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов алтынчы чакырылыштагы депутаттардын биринчи жыйыны эмки аптада болорун билдирген.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен Жогорку Кеңешке алты саясий партия келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0