БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Жогорку сот айрым шайлоо участокторундагы добуштарды кайра саноо боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгарганын аталган мекеме билдирди.
Буга чейин БШК добуштарды кайра саноодон баш тарткандан кийин Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Бүтүн Кыргызстан Эмгек" партиясынын арызы менен Борбордук шайлоо комиссиясынын бул чечимин жокко чыгарып, 10дон ашуун участокто партиянын пайдасына чечим чыгарган. Буга макул болбогон БШК Жогорку сотко кайрылган.Аталган сот кабыл алган чечимин партиянын арыз менен кайрылуу мөөнөтү аяктап калгандыгы менен түшүндүрдү.
4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан Эмгек" партиясы 6,33 пайыз добушка ээ болуп, жети пайыздык босогодон өтө албай калган.
Ал арада Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын депутаттары эртең мандат алуусу күтүлүүдө.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жыл сайын болуп турчу чоң маалымат жыйыны болуп өттү.
Журналисттер менен жолугушуу пандемияга байланыштуу онлайн-форматта өттү. Лавров бардык өлкөлөрдүн журналисттеринин суроолоруна үч саат бою жооп берди. Анын урунттуу учурларын тезис түрүндө сунуштайбыз.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеевдин айланасындагы кептер боюнча аталган органдын маалымат кызматы комментарий берди.
Финполдун маалымат кызматы айтылгандардын баары тастыкталбаган, карандай калп экенин билдирди.
"Учурда Финансы полициясы тарабынын коррупция, экономикалык жана финансылык кылмыштар менен күрөш тынымсыз жүрүп жатат. Жогорку рангдагы аткаминерлер аралашкан резонанстуу кылмыштуу схемаларды аныктап, алдын алууда. Мындан улам биздин кызматтын жетекчилигине көө жабууга аракет кыла башташты. Андай учур дагы кайталанышы мүмкүн, бирок биз ишти токтотпойбуз. Эң башкысы — элдин ишеними жана колдоосу керек", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Аспековдун көрсөтмөсүндө айтылгандар чындыкка дал келбей турганы белгиленет.
Маалымат кызмат азыркы тапта Жапыкеев Бишкек ТЭЦинин ишин текшерип жүргөнүн кошумчалады.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги Кайгуул милиция кызматы бүгүн маршрутка көйгөйүнөн улам аялдамаларда калган бишкектиктерди үйлөрүнө жеткирүүдө. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кечкурун милиционерлер балдарга, аялдарга жана улгайган адамдарга өз жардамын сунуштап жатканы айтылды. Бул багытта аталган кызматтын атайын автоунаалары иштеген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Милициядан аялдамаларда топтолгон кишилер аз, шаар ичи тынч деп билдиришти.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Бүгүн, 18-январда, айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын жогорулатууну талап кылышууда. Себеби жол кире 2012-жылдан бери көтөрүлө элек. Учурда маршрутканын баасы күндүз 10, ал эми кечинде 12 сом.
Эртең менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев каттамга чыкпай койгон маршруткалардын лицензиясы алынып, башкага берилерин эскерткен.