АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Кыргызстанга ишембиде келет

© Sputnik / Александр Максименко / Медиабанкка өтүүАмериканын мамлекеттик катчысы Жон Керри. Архив
Американын мамлекеттик катчысы Жон Керри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында АКШ мамлекеттик катчысы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Американын мамлекеттик катчысы Жон Керри Кыргызстанга ишемби күнү, 31-октябрда келе турганын КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жон Керринин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Ала-Арчадагы мамлекеттик резиденцияда Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев экөө маалымат жыйынын өткөрөт.

Буга чейин 26-октябрда Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ Кыргызстанга расмий сапары менен келип кеткен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0