Нарымбаевдин иши боюнча жарыш сөз 4-ноябрга белгиленди

© Sputnik / Эркин АлымбековХаджимурат Коркмазов жана Данияр Нарымбаев сотто. Архив
Хаджимурат Коркмазов жана Данияр Нарымбаев сотто. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Данияр Нарымбаевдин адвокаттары жума күнү жарыш сөзгө даярдык көрүү үчүн убакыт сурап сотко кайрылышкан. Жактоочулардын сунушу канааттандырылып, кийинки жыйынды 4-ноябрга белгиледи.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Сот тараптардын жарыш сөзүн кийинки шаршембиге белгилегенин экс-депутат Хажимурат Коркмазовдун адвокаты Кайрат Загибаев билдирди.

Жума күнү Биринчи Май райондук сотунда президент администрациясынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев жана экс-депутат Коркмазовдун иши боюнча кезектеги сот отуруму болуп өттү.

Процессте Коркмазовдун жана жана Бишкектин мурунку мэринин кызы Назгүл Түлееванын телефон чалуулары көрсөтүлдү.

"Бүгүн телефон менен сүйлөшүүлөрдү ачыкка чыгарып, Назгүл Түлеева менен Коркмазовдун ортосунда буга чейин эч кандай байланыш болбогону аныкталды", — деди Загибаев. 

Соттолуп жаткан Нарымбаев күнөөнү депутат Коркмазовдун өзүнө оодарды
Анын айтымында, Нарымбаевдин юристтери жарыш сөзгө убакыт берүү сунушун келтиришти. Сот бул сунушту канааттандырып, ага ылайык, кийинки отурум 4-ноябрда өтмөй болду.

Июль айынын ортосунда УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы депутатты 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаган. Башкы прокуратура анын экс-депутат Нариман Түлеевдин туугандарынан анын Жогорку сотто карала турган ишин оң жакка чечүүгө жардам берем деп 200 миң доллар талап кылганын билдирген. Мында президент аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевдин аты да аталган. Июль айынын аягында прокуратура аны да камакка алган. Кармалган адамдар учурда соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагында.

Жаңылыктар түрмөгү
0