АКШнын мамкатчысы Кери президент Атамбаев менен жолугат

© AFP / BRENDAN SMIALOWSKI / POOL АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри. Архив
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн эртең менен Жон Керри Бишкекке келип түштү.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кыргызстанга келген АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри президент Алмазбек Атамбаев менен жолугат. Бул туурасында ТИМ маалымат кызматы кабарлады.

Жол белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ мамкатчысынын келиши менен Бишкекте көчөлөр тосулат
Бүгүн эртең менен Жон Керри Бишкекке келип түштү. Аны эл аралык "Манас" аба майданынан ТИМ жетекчиси Эрлан Абдылдаев тосуп алды. 

АКШ мамткатчынын Кыргызстанга жасаган иш сапарынын алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденцияда Тышкы иштер министри Абдылдаев экөө маалымат жыйынын өткөрөт.

Бул сапарда мамкатчы Борбор Азиядагы Америка университетинин жаңы кампсунун жана АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин бир имаратынын ачылышына катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0