ЖКдагы оппозицияны "Бир бол" жана "Республика-Ата-Журт" түзмөй болду

Жазылуу
Парламенттеги азчылык коалициясы бул сапар 40 добушка ээ болду.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Парламенттеги азчылык коалициясы "Бир бол" жана "Республика-Ата-Журт" фракцияларынан турарын эки фракциянын лидерлери Алтынбек Сулайманов менен Өмүрбек Бабанов ЖКнын жыйынында расмий билдиришти.

"Республика-Ата-Журт" лидери Өмүрбек Бабанов алардын ишине ийгилик каалап, депуттарга берилген артыкчылыктардан баш тартуу маселесин көтөрүүнү айтты.

"Көпчүлүк коалиция бизди сыйлап, өз убагында сөз берип турат деп ишенебиз. Биз депутаттарга берген арткычылык маселесин жаңы спикер келгенде кайрадан көтөрөбүз, бул боюнча сиздерден колдоо болот деп ойлойм", — деди Бабанов.

Азчылык боюнча экинчи фракция – "Бир Болдун" лидери Алтынбек Сулайманов алардын позициясы туурасында мурда эле айткандыгын билдирди.

"Биз буга позициябызды жалпыга маалымдоо каражаттарында айткан элек. Мындан ары кемчиликтер болсо көзгө сайып айтып, көргөзүп турабыз", — деди Сулайманов.

Парламенттеги азчылык коалициясы бул сапар 40 добушка ээ болду.

Жыйындын башында Турсунбай Чыныбеков көпчүлүк коалициянын төрт — КСДП, "Кыргызстан"," Өнүгүү-Прогресс", "Ата-Мекен" фракцияларынан түзүлгөнүн расмий билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0