Атамбаев: 10-15 жылга өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу зарыл

Жазылуу
Убакыт 2013-2017-жылдарга карата Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясы туура кабыл алынганын көрсөттү. Демек, алдыдагы 10-15 жылга карата кийинки стратегияны иштеп чыгуу керек деди өлкө башчы.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кыргызстан өнүгүүсүндөгү бурулуш мезгилди башынан кечирип жатат, деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземинен кийин Жогорку Кеңештин жыйынында. 

Өлкө башчы Кыргызстан беш жыл аралыгында жакырчылыкты кыскартуу жана калк жашоосунун деңгээлин көтөрүүгө бардык аракетти жасаганын белгиледи.

"Убакыт 2013-2017-жылдарга карата Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясы туура кабыл алынганын көрсөттү. Демек, алдыдагы 10-15 жылга карата кийинки стратегияны иштеп чыгуу керек", — деди Атамбаев. 

Президент Кыргызстан элинин жана жетекчиликтин алдында туруктуу өнүгүүнүн "жол картасы" болгону чоң мааниге ээ экенин айтты.

"Узак мөөнөттүү стратегияны иштеп чыгууга убакыт жетти", — деди ал.

Өлкө башчы каражатка карап жашап, алдыдагы эки жылда гранттык жардамдардан баш тартуу зарылдыгын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0