Шаикова: башка кызмат тууралуу сунуш түшө элек

© Фото / пресс-служба ГРСАлина Шаикова. Архив
Алина Шаикова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алина Шаикова Мамлекеттик каттоо кызматын 2014-жылдан бери жетектеп келген. Аны буга чейинки биринчи вице-премьерликти аркалап келген Тайырбек Сарпашев алмаштырды.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Азырынча башка кызмат тууралуу сунуш түшө электигин Sputnik агенттигине Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку жетекчиси Алина Шаикова билдирди.

Бүгүн бул кызматка бир жыл бою биометрикалык маалымат чогултуу жараянын тескеп келген мурунку биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев дайындалды.

"Жетекчиликтин чечимин талкуулоого укугум жок. Башка кызмат боюнча сунуш түшө элек. Азыр эс алайын деп жатам", — деди мурунку төрайым.

Шаикова бул кызматка 2014-жылы өткөн чакырылыштагы "Ар-Намыс" фракциясынын квотасы менен дайындалган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0