Өлкө башчысы диний кырдаалдын өнүгүшүнө көз салууну күчөтүү зарылдыгын белгиледи

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиевди кабыл алуу учурунда.
Президент Алмазбек Атамбаев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиевди кабыл алуу учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Орозбек Молдалиев дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына караштуу диний кырдаалды изилдөө борборунун уюштурулушу жөнүндө президентке маалымат берди.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиевди кабыл алды. Ал өлкөнүн диний чөйрөсүндөгү кырдаалдын өнүгүшү, ошондой эле диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун мындан ары арттыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мечиттеги адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Муфтият дааватчыларды коргоп чыкты
Атамбаев дүйнөдө түзүлүп жаткан кырдаалды эске алуу менен коркунучтарды жана терс көрүнүштөрдү болтурбоо, алдын алуу үчүн өз учурунда чара көрүүнү камсыз кылуу максатында өлкөдөгү диний кырдаалдын өнүгүшүнө мониторинг жүргүзүү боюнча иштерди күчөтүү зарыл экендигин белгиледи.

Молдалиев диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруунун жүрүшү, диний кырдаалды изилдөө, мониторинг жана талдоо жүргүзүүнүн улуттук системасын калыптандыруу жөнүндө маалымат берди. Андан сырткары Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына караштуу диний кырдаалды изилдөө борборунун уюштурулушу жөнүндө айтып берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0