Сариев унаага берилүүчү жаңы номердин үлгүсүн жактырды

Жазылуу
Кийинки жылдын март айынан тарта Мамлекеттик каттоо кызматы автоунаа ээлерине жаңы номерлерди бере баштайт. Номерде жаңы блоктор пайда болуп, сандар менен тамгалардын айкашы өзгөрөт.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Премьер-министр унаа каражаттарына берилүүчү жаңы номерлердин үлгүсүн бекиткенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка өкмөт башчы 7-декабрь күнү кол койду.

Жаңы автоунаа номерлеринде "KG" сериясы жок болот
2016-жылдын мартынан баштап Мамлекеттик каттоо кызматы автоунаа ээлерине жаңы номерлерди бере баштайт. Номерде жаңы блоктор пайда болуп, сандар менен тамгалардын айкашы өзгөрөт.

Алсак, эми Кыргызстандын аймактары тамга эмес, сан менен белгиленет.

Жеке номерлерде адаттагыдай тамга — төрт сан — тамга эмес, үч сан — үч тамга болот.

Номерде мурдагыдай эле мамлекеттик желек жана Кыргызстандын эл аралык коду — KG болот.

Автоунаа номеринин баасы өзгөрбөйт. Азыр бир унаага керектүү эки номер 1100 сом турат.

Машиналардын жаңы номери кандай болоорун Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0