Акыйкатчылыкка талапкер Абдрахматованы депутаттар 3-турда дагы шайлай алган жок

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кенештин жыйын залы. Архив
Жогорку Кенештин жыйын залы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бардыгы болуп башында Омбудсмендик кызматка ат салышууга сегиз талапкер катталып, анын бирөө өзүнүн талапкерлигин чакыртып алды.

БИШКЕК, 10-дек — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоодо 3-турга өткөн "Республика — Ата Журт" фракциясы сунуштаган Атыр Абдрахматовага каршы 69 добуш берип, шайлаган жок. Добуш берүү жашыруун түрдө жүрдү.

Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы болчу талапкерлердин ысымдары аталды
Добуш берүүнүн экинчи туруна Гүлгакы Мамасалиева — 27, ал эми Атыр Абдрахматова – 34 добуш менен өткөн. 

"Ата Мекен" лидери Өмүрбек Текебаев Омбудсменди шайлоону көпкө созбоону айтып, фракция сунуштап, экинчи турга өткөн талапкерин чакыртып алышкандыгын билдирген. 

Аталган орунга азыркы иштеп турган акыйкатчынын орун басарын кошкондо сегиз талапкерлер сунушталган. 

  • Нурланбек Жээналиев ("Бир Бол"); 
  • Атыр Абдрахматова ("Республика — Ата Журт");
  • Турсунбек Акун, Гүлгакы Мамасалиева, Бакыт Рысбеков ("Ата-Мекен"); 
  • Гүлнара Жамгырчиева (КСДП); 
  • Канатбек Тургунбеков ("Кыргызстан").

Жогорку Кеңеш 25-июндагы жыйынында буга чейинки акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин иш-аракетин канааттандырарлык эмес деп таап, кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошоткон. 

Омбудсмендик милдетти КСДП фракциясынан орун басар болуп келген Гүлнара Жамгырчиева аткарып жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0