Премьер-министр Темир Сариев. Архив

Сариев Си Цзиньпинге жер титирөөдөн кийин көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди

62
(жаңыланган 12:16 16.12.2015)
ШКУнун кийинки жыйыны Бишкек шаарында өтөрүн айткан премьер-министр кытай тарап менен биргеликте ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлордун маанилүүлүгүн белгиледи.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Кытай жетекчиси Си Цзиньпинге Ош облусунда болуп өткөн жер титирөөдөн соң көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу өкмөт башчы Шанхай кызматташтык уюмунун өкмөт башчыларынын КЭР төрагасы менен жамааттык жолугушуусунда билдирди.

Кыргызстандын премьер-министри Сариев Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Чжэнчжоу шаарында өткөн өкмөт башчылардын жыйынына катышты. 

Өкмөт башчы ШКУнун кезектеги саммити 2016-жылдын сентябрь айында Бишкек шаарында өтөрүн белгиледи.

"Бүгүнкү жамааттык жолугушуу бардык катышуулар үчүн жемиштүү болуп саналат. Кыргызстан ШКУга мүчө-өлкөлөр менен экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар", — деди Сариев.

Мындан тышкары, өкмөт башчы Кытайдын ШКУ алкагындагы эркин соода аймагын түзүү боюнча демилгеси да эмдиги жылы Бишкекте талкууланарын айтты.

"2016-жылы ШКУ Өнүктүрүү банкын түзүү алкагында Кыргызстандын финансы министринин мүчө-өлкөлөрдүн борбордук банк жетекчилери менен жолугушуусу пландаштырылууда, алар экономикалык кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулашмакчы", — деп билдирди премьер-министр.

Жолугушуу соңунда Сариев кытай тарап менен биргеликте ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлордун маанилүүлүгүн белгиледи.

62
Белгилер:
жыйын, ШКУ, Темир Сариев
Тема:
Кыргызстандын түштүгүндө болгон жер титирөө (52)
Тема боюнча
Декабрдан тарта Кыргызстанда 14 жолу жер титиреди
Абдрахматов: акыркы зилзалалар Непалдагы жер титирөөнүн кесепеттери