КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыков. Архив

Анвар Артыков: айлыкка кошулуп берилген 40 миң сом биз үчүн аз

10029
(жаңыланган 15:51 20.12.2016)
Депутаттар бейшемби күнү айлыгына кошулуп бериле турчу 40 миң сомдун эсеп чотун бербөө үчүн добуш беришти.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыков Sputnik агенттигине депутаттарга ай сайын берилчү 40 миң сом аз экенин билдирди. Белгилей кетсек, эл өкүлдөрү бул сумманын эсеп-чотун бербөө боюнча добуш беришти.

Бейшемби күнү Жогорку Кеңеш "КР Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" жана "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" мыйзамга түзөтүү киргизүүнү жактырышты. Ага ылайык, депутаттар ай сайын маянасынын үстүнө кошумча алчу 40 миң сомдун эсеп-чотун беришпейт. Документ үч окуудан тең дароо кабыл алынды.

Долбоордун демилгечиси Артыков депутаттардын фонду кыскартылгандыктан эки айдан бери парламенттин иши токтоп турганын белгиледи.

"Учурда депутаттардын командировкалары жана канцеляриялык буюмдарга кеткен чыгымдар төлөнүп берилбейт. Кагаз жана башка керектүү нерселерди өзүбүз сатып алабыз. Бул дүйнөдө жалпы кабыл алынган норма. Бизде гана мейманканага жаттык деп квитанция чогултуп жүрөбүз", — деди ал.

Артыков учурда эл өкүлдөрү кеткен бардык чыгымдарды өз чөнтөгүнөн төлөп жатканын кошумчалады. Ал ошондой эле, ай сайын төлөнүүчү 40 миң сомду өндүрүштүк чыгымдар экенин айтып, бул да "аз" экенин айтты.

Эгер Жогорку Кеңеште 120 депутат бар экенин эске салсак, "эсеп-кысабы" жок корой турган акча 4,8 миллион сомду түзөт. Бир жылда ал 57,6 миллион сомду чапчыйт. Булардын баары мамлекеттик бюджеттин каржыланат.

10029
Белгилер:
маяна, айлык-акы, депутат, бюджет, парламент, Жогорку Кеңеш, Анвар Артыков
Тема боюнча
Транспорт министрлиги айлык акыга мыйзамсыз 2 млн. сом сарптаган
Иштебеген адамдарга айлык чегерип, акчасын алган мектеп директору кармалды

Крымдан улам НАТО Россия армиясына тыюу салууга кыялданып келет

188
Йенс Столтенберг НАТО Россиянын кадамдарына карап, ага жооп иретинде Кара деңизге көбүрөөк күчүн жайгаштыра тургандыгын айтты. Бирок Түндүк атлантикалык альянстын башкы катчысы аскердик блоктун күчтөрү Россиянын чек арасында эмне кылып жүргөндүгүн түшүндүргөн жок.

Андан сырткары, Россия эмне үчүн өзүнүн аймагын НАТО тараптан улам арбыган коркутуп-үркүтүүлөрдөн коргобошу керек дегенге да жооп бере алган жок.

Акыркы учурда альянс тараптан Россия чек арасына жакын аймактарда көбөйүп кеткен агрессиялык аракеттер арбыгандыктан, Россия өзүнүн коопсуздугун камсыздаганга аргасыз.

188
Белгилер:
чагымчыл, чек ара, Крым, НАТО, Россия, АКШ
Тема боюнча
НАТО Кара деңизге чыгууда. Альянс Крымда Россияны кысымга алмакчыбы?
Грузиядагы "Татыктуу өнөктөш-2020" аяктады. НАТО аскерлери өлкөдө эмне кылды
Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев. Архив

Артем Новиков Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевге сөгүш берди

145
(жаңыланган 19:04 04.12.2020)
Өлкөнүн башкы салыкчысынын сөгүш алышына "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрмө пунктундагы иштер себеп болушу ыктымал.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Өкмөттүн маалымат кызматы Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиевге сөгүш берилгенин билдирди.

Анда Абдалиев өзүнө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы белгиленет.

Тийиштүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгон.

Жакында эле өкмөт башчынын милдетин аткаруучу "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү пунктунда Салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкуловго каарын төккөн. Анын ачуусун келтиргени — ноябрдын аягында ишке кирип, товарлардын эсебин ала турган системанын алигече үкөктөн чыгарылбай турганы болгон.

Бирок кийин салык кызматы ал иштерге башка мамлекеттик органдар жооптуу экенин айтып билдирүү тараткан.

145
Белгилер:
Мамлекеттик салык кызматы, сөгүш, өкмөт
Тема боюнча
Новиковго жооп бере албай буйдалган салыкчы. Видео
Новиковдон кагуу жеп буйдалган жетекчи. Салык кызматы түшүндүрмө берди
Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов. Архивдик сурөт

Коронавирус жуктурган Боронов реанимацияда, бирок абалы туруктуу

0
(жаңыланган 00:14 06.12.2020)
Буга чейин эле Бороновдун реанимацияда дарыланып жатканы айтылып, бирок экс-өкмөт башчынын жардамчысы маалыматты четке каккан.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов реанимациялык блокто жатат, бирок анын абалы туруктуу жана өмүрүнө коркунуч жок. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына мурунку өкмөт башчынын жардамчысы Руслан Турдумамбетов кабарлады.

Эске салсак, буга чейин эле 3-декабрда саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү адамдар Бороновдун абалы канааттандырарлык экенин, бирок реанимацияда дарыланып жатканын айтышкан. Бирок анда Турдумамбетов Боронов коронавирустан дарыланып, реанимацияда эмес кадимки палатада жатканын билдирген.  

"Кубатбек Айылчиевичке коронавирус диагнозу коюлган, сатурациясы жакшы, дене табы 36,5-37 градус. Өмүрүнө эч нерсе коркунуч келтирбейт. Ал жандандыруу бөлүмүндө, бирок абалы туруктуу. Мен аны менен бүгүн сүйлөштүм, бардыгы жакшы", — деди Турдумамбетов.

Ал 23:00гө чукул эле сүйлөшкөнүн белгиледи.

Эскерте кетсек, Боронов өкмөттү 2020-жылдын июнь айынан тарта жетектеген, ага чейин вице-премьерликти аркалаган. Октябрь окуяларынан кийин отставкага кеткени маалым.

0
Белгилер:
реанимация, абал, оору, коронавирус, Кубатбек Боронов
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Сооронбаев: сасык тумоо менен коронавирусту айырмалоо өтө кыйын экен