Сариев: улуттук долбоорлор өз мөөнөтүндө ишке ашып жатат

Жазылуу
Өкмөт башчы парламенттин бюджетти талкуулаган жыйынына катышып, 2017-жылга чейин белгиленген долбоорлордун аткарылышы тууралуу маалымат берди.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Улуттук долбоорлор белгиленген мөөнөтүндө аткарылып жатканын премьер-министр Темир Сариев Жогорку Кенештин "2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланган жыйында билдирди.

Темир жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан — Кытай темир жолунун курулушу долбоорунун ишке ашырылышы 2016-жылы башталат
Анын айтымында, 2017-жылга чейин Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясында 77 улуттук долбоорду ишке ашыруу пландалып, ага 11 миллиард доллар каралган.

Премьер-министр учурда бул долбоорлордун 692 миллион долларлык 23 долбоор толугу менен менен бүткөрүлүп, ишке берилгенин билдирди. Учурда 45 долбоор аткарылып, 2 долбоор баштоо алдында турат. Ал эми 13 долбоорду ишке ашыруу үчүн каражат изделүүдө.

"Республикада Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясына кошумча долбоор киргизилиши мүмкүн. Мисалы, учурда өкмөт ишке ашырып жаткан Ысык-Көл шакекче жолу сыяктуу ири долбоорлор Улуттук стратегияга киргизилген эмес", — деди Сариев.

Премьер-министр өкмөт Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясында каралган долбоорлорду аткаруу үчүн бардык аракеттер көрүлүп, тийиштүү иш-чаралар аткарылып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0