Журналист Кубат Оторбаев акыйкатчы болду

© пресс-служба Жогорку Кенеша КРКубат Оторбаев.
Кубат Оторбаев. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыйкатчыны шайлоо экинчи ирет өттү. Буга чейин декабрдын башында өткөн шайлоодо эл өкүлдөрү талапкерлердин ичинен татыктуусун тандай алышкан эмес.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. КТРКнын мурунку жетекчиси Кубат Оторбаев 63 добуш менен Акыйкатчы болуп шайланды.

Нурсулу Ахметова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нурсулуу Ахметова президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду
Маалыматка ылайык, Оторбаевдин акыйкатчыга талапкерлигин парламенттин "Кыргызстан" жана КСДП фракциялары көрсөткөн. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун сунушу менен жаңы акыйкатчы бүгүн эле ант берди. Өз сөзүндө акыйкатчы депутаттарга ыраазычылык билдирип, эл өкүлдөрү менен тыгыз иштөөгө сөз берди.

Акыйкатчылыкка "Ата Мекен" фракциясынан көрсөтүлгөн Толкунбек Исаков, Мавлян Аскарбеков, "Бир Болдон" Абдыжапар Бекматов, "Өнүгүү Прогресстен" Алишер Мамасалиев, "Республика — Ата Журт" фракциясынан Рита Карасартова, Нуркамил Мадалиев менен Кубатбек Оторбаев "Кыргызстан" фракциясынан катышкан. 

Оторбаевге депутаттардын 63ү өз макулдугун берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0