Жоомарт Сапарбаев: депутаттыктан баш тарттым, эми өз иштерим менен алектенем

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкс депутат Жоомарт Сапарбаев. Архив
Экс депутат Жоомарт Сапарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын ордуна тизме боюнча депутат болуп Асия Сасыкбаева келет, бирок андан арыз келип түшө электигин БШК билдирди.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Алтынчы чакырылышка "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген Жоомарт Сапарбаев өз ыктыяры менен депутаттык мандатты тапшырып берип жатканын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Сапарбаев эми өз иштери менен алектене турганын кошумчалады. 

Эми Сапарбаевдин ордуна тизме боюнча депутат болуп Асия Сасыкбаева келет.

Белгилей кетсек, Сапарбаев 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңешке да "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген.

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиргендей, азыр депутат Сапарбаевдин арыз келип түшө электигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0