Кыргыз полковниги Африкада кызмат өтөйт

© пресс-служба ГСИН при правительстве КРБУУнун Судандагы башкармалыгынын жетекчиси кыргыз офицери, полковник Мырза Абасканов. Архив
БУУнун Судандагы башкармалыгынын жетекчиси кыргыз офицери, полковник Мырза Абасканов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал БУУнун Судандагы башкармалыгынын жетекчиси кызматына болгон конкурсту жеңип алган. Анын көрсөткүчтөрү түрдүү мамлекеттен келген 76 аскердин ичинен эң мыкты деп табылган.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргыз офицери, полковник Мырза Абасканов Дарфурдагы (Судан) Бириккен Улуттар Уюмунун ротация башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик (ЖАМК) кызматы билдирди.

Буга чейин ал БУУнун миссиясынын кыргыз контингентинин командири кызматын аркалаган жана буга дейре ЖАМКта иштеген.

Мекеменин маалыматына ылайык, Абасканов аталган кызмат ордуна 34 мамлекеттен келген 76 офицерлер арасында өткөн конкурстан тандалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0