Обама: дүйнө маанилүү маселелерди Кытай же Россия эмес, АКШ менен чечет

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүАКШ президенти Барак Обама. Архив
АКШ президенти Барак Обама. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Американын президенти дүйнөнүн булуң-бурчундагылар АКШга карап түздөнүп, Обаманы шайлагандан кийин өлкөнүн абройу жогорулап, ал эми Американын абалы начар деп баалоо өтө эле аша чапкандык деп айтты.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. АКШ президенти Барак Обама дүйнө татаал эл аралык маселелерди Кытай же Россия эмес, Америка менен чечип жатканын конгресс алдында сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, буга көптөгөн сурамжылоолор далил болот.

"Өлкөнүн абройу мен президент болуп шайлангандан кийин бир топ жогорулады. Бардык эл аралык көйгөйлүү маселелерден арылуу үчүн дүйнөнүн бардык эли Пекин же Москва эмес, бизге карап түздөнөт, бизге чалат", — деди президент. 

Өлкө башчы АКШнын абалы начарлап кетти дегендер аша чаап кеткенин белгиледи.

Бул Обаманын АКШ президенти катары конгресс алдына чыгып сүйлөгөн акыркы кайрылуусу болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0