Мандат чыры боюнча БШКнын арызы Жогорку сотко келе элек

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку соттун имаратынын киришиндеги тактача. Архив
Жогорку соттун имаратынын киришиндеги тактача. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Райондук соттун чечимине макул болбогон Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку сотко кайрылган.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын Биринчи Май райондук сотунун чечимине нааразы болгон арызы Жогорку сотко келе электигин соттун маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди. 

Депутат Жыргалбек Саматов - Sputnik Кыргызстан
Жаңы эле ант берген Саматовду "Республика — Ата-Журт" фракция курамынан чыгарып салды
Белгилей кетсек, 15-январда Биринчи Май райондук соту ЖК депутаттары Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманова мандатынан мыйзамсыз ажыратылган деген өкүм чыгарып, БШКнын депутаттарды мандатынан ажыратуу чечимин мыйзамсыз деп тапкан. Райондук соттун мындай чечимине макул болбогон БШК Жогорку сотко кайрылган

"Кыргызстан" партиясы Жумалиева менен Эсенаманованы катарынан чыгарып, өз чечимин БШКга жөнөткөн. Анын негизинде комиссия депутаттарды мандатынан ажыраткан. Бирок, эл өкүлдөрү депутаттыктан баш тартуу тууралуу арыз жазбаганын билдирип, Биринчи Май райондук сотуна кайрылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0