Газеталар. Архив

Беш өрдөк: Сариевди ээрден шыпырчу Карашев, Жээнбековго тай карыз болгон Турсунбеков

562
(жаңыланган 15:46 18.01.2016)
Кыргызстандагы басылмаларга чыккан айың-кептерди аныктап, жума сайын гезит-журналдарга саресеп салабыз. Айың кептер айылынан арылабыз.

Темир Сариевди ээрден шыпырчу Аалы Карашевби?

"Азия NEWS" гезити 14-январда чыккан санында өздүк булактарына таянуу менен өкмөт башчы менен биринчи орун басарынын тиреши апогейине жетти деп жазды.

"Кызыгы, жазга жетпей Темир Сариевди ээрден оодаруу операциясынын "дирижерлугуна" бул сапар жогортон Аалы Карашев дайындалганы чынбы? Өйдө жакта "крышасы катуу" Карашев өз ыйгарым укуктарын ашыра пайдаланып, Темикени теңсинбегени неси?.. Мындайга Аргембаевичтин ачуусу келип, азырынча ачык кайым айтышууга даабай атыптыр", — деп жазды.

Өкмөттүн маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Камиль Сыдыков гезитке чыккан бул маалымат эч негизсиз экенин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

"Эми алар өз божомолдоруна таянуу менен жазып атпайбы, албетте бул туура эмес, ойлоп табылган маалымат", — дейт ал.

Саясий мелдеш. Чыныбай Турсунбеков Равшан Жээнбековго бир тай уттурду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков утулганын мойнуна алып, мелдештин шертин орундатарын айткан.

Жигиттик.Бугун Чыныбай Турсунбеков мырза озу телефон чалып, утулганын мойнуна алып, саясий мелдештин эрежесин аткарары…

Опубликовано Ravshan Djeyenbekov 13 января 2016 г.

"Чыныбай Турсунбеков мырза өзү телефон чалып, утулганын мойнуна алып, саясий мелдештин эрежесин аткарарын айтты. Бул жакшы көрүнүш! Саясий маселеге мелдешпегенде, жеке иш деп, ФБга жазбайт элем", — деп өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Жээнбеков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Турсунбеков менен үч жыл мурда Монголияга барганда мелдешкенин айтты.

"Ошол убакта Нарын каскадына ГЭСтерди Россия салып баштаган. Мен ГЭС курулуп бүтпөйт десем, Чыныбай Турсунбеков бүтөт деген. Ошентип жөн гана мелдешкенбиз. Чыныбай мырза утулуп калганын мойнуна алып, ошол сөзүнө турду", — деди ал.

Жээнбеков Facebook баракчасына Чыныбай Турсунбеков бир тай карызды болду деп тамаша иретинде жазып койгонун кошумчалады.

562
Белгилер:
ЖМК, Назира Ахмедова, Аалы Карашев, Равшан Жээнбеков, Темир Сариев
Тема:
Беш өрдөк – айың-кептер айылы (23)
Тема боюнча
Беш өрдөк: Ак үйдү шынаарлаган Үмөталиева жана тарай турган "Кыргызстан" партиясы
Беш өрдөк: Ташиевди иттей тепкилегенге күчү жеткен Абдраимов, ээрден шыпырылчу Турганбаев
Депутат Чыныбай Турсунбеков

Депутаттар ЖКнын экс-спикери Чыныбай Турсунбековдун каза болгонун айтууда

177
(жаңыланган 01:12 07.07.2020)
Чыныбай Турсунбеков 60 жашта. Буга чейин ал пневмония оорусуна чалдыгып ооруканада жатканы айтылган.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков каза болду  деген маалыматтарды бир катар ЖМКлар, ЖКнын бир нече депутаттары социалдык тармакка жазышты. Ал эми ЖКнын маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу  журналисттер жана башкаларды сабырдуулукка чакырып, маалыматтын тастыктала электигин айтты.

“Чыныбай Акунович... Бейиштен орун берсин. Жакындарына көңүл айтам. Дагы бир мыкты инсан арабыздан кетти..., — деп жазды депутат Кожобек Рыспаев.

Эльвира Сурабалдиева жана Дастан Бекешев да социалдык тармакта көңүл айтты.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, Турсунбеков Бишкектеги Улуттук госпиталдын тез жардам терапия бөлүмүндө көз жумган.

Чыныбай Турсунбеков 57 жашта! Белгилүү саясий ишмер тууралуу 9 факты

Турсунбеков буга чейин пневмония оорусуна чалдыгып, абалы оор экенин айрым ЖМКлар жазышкан.

"Депутат жакынкы күндөрү өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратынан чыгып, үйүнөн дарыланууга уруксат берилиши күтүлүүдө. Жалпы абалы жакшы жана стабилдүү. Алдын ала диагнозу пневмония. Коронавируска карата ПЦР-тести таза чыккан", — деп жазган эле Нуракун уулу.

Чыныбай Турсунбеков 60 жашта эле, Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын төрагасы болуп иштеген.

177
Белгилер:
пневмония, өлүм, депутат, Чыныбай Турсунбеков
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева дүйнө салды
Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы Жанара Турдакунова пневмониядан каза болду
Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга расмий сапары. Архив

Жээнбеков Эрдоган менен коронавируска биргеликте каршы турууну талкуулады

84
(жаңыланган 19:28 06.07.2020)
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттешүүнү өркүндөтүү боюнча үстүбүздөгү жылга биргелешкен пландарды белгилешти.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Түркия өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө өлкө башчылар эки жактуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашканы айтылат.

"Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттешүүнү өркүндөтүү боюнча үстүбүздөгү жылга коюлган пландарды белгилешти. Ошондой эле коронавирус инфекциясын жайылтпоо жаатында мындан ары биргелешкен чараларды көрүү маселелерин талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, акыркы маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 7 691ге жетти. Азыр стационарда 625 киши дарыланууда, анын 22си реанимацияда жатат. 2 843 киши ооруканадан чыгарылса, март айынан бери 92 адам көз жумду.

84
Белгилер:
кызматташуу, коронавирус, Режеп Тайип Эрдоган, Сооронбай Жээнбеков, Түркия, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Жээнбеков өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча пикирин айтты