Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманова мандаттан биротоло ажыратылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку соттун судьялары арызды кароо учурунда.
Жогорку соттун судьялары арызды кароо учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын Биринчи Май райондук сотунун чечимине макул болбогон тосмо арызын карады.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Жогорку сот "Кыргызстан" фракциясынын депуттары Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы мандаттан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин күчүндө калтырып, Биринчи Май райондук соттун чечимин жокко чыгарды.

Жогорку соттун чечими акыркы жана даттанууга жатпайт.

Жогорку сот депутаттар –Жумалиева менен Эсенаманованын мандат чырына чекит койду
Соттун чечимине нааразы болгон депутаттардын тарапташтары сот залынан нааразычылыктарын айтып, "биздин соттор сатылган" деп кыйкырышты.

Белгилей кетсек БШК "Кыргызстан" саясый партиясынын парламенттеги фракциясынын чечиминин негизинде депутаттар Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованы мандатынан ажыраткан. Аталган эл өкүлдөрү мындай чечим менен макул эместигин билдирип, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна кайрылган. Райондук сот БШКнын чечимин мыйзамсыз деп таап, депутаттарга мандаты кайтарылып берилиши керектигин жана алардын ордуна келген жаңы депутаттарга мандат мыйзамсыз берилгенин өз чечиминде айткан.

БШК райондук соттун чечимине макул эместигин билдирип Жогорку сотко кайрылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0