Каптагаев: кызматтан кетип жатам

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевӨкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмил Каптагаев. Архив
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмил Каптагаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызматтан кеткенден кийин ал эс алып, дарылана турганын, андан кийинки кадамдарын жашоо өзү аныктай турганын кошумчалады.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмил Каптагаев отставкага кетип жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик кызматтагы иш мөөнөтү бир мезгилде токтошу керек. 

"Мунун эч кандай саясатка тиешеси жок. Үстүбүздөгү жылдын 29-январында өтө турган облустун коллегия жыйынында жаңы жетекчи тааныштырылат. Бул тууралуу өкмөттүн дайындоосу бар, бирок мен анын ким экенин билбейм", — деди Каптагаев.

Ал кызматтан кеткенден кийин эс алып, дарылана турганын, андан кийинки кадамдарын жашоо өзү аныктай турганын кошумчалады.

Эмил Каптагаев бул кызматта үч жылга чукул убакыт иштеди.

Айрым маалыматтар боюнча губернатолук кызматка "Аврора" санаторийинин директору Аскат Акибаев келе турганы айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0