Тарых жана маданият жылын өткөрүү үчүн Мамлекеттик дирекция түзүлүп, аны Раев жетектеди

© Sputnik / Айша КамиловаБелгилүү жазуучу Султан Раев. Архив
Белгилүү жазуучу Султан Раев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкы жылды президент Алмазбек Атамбаев Тарых жана маданият жылы деп белгиледи. Буга карата Кыргызстанда өткөрүлө турган маанилүү иш-чаралардын тизмеси аныкталды.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Тарых жана маданият жылына карата өткөрүлүүчү иш-чараларды даярдап жогорку деңгээлде өткөрүү максатында Мамлекеттик дирекция түзүлгөнүн премьер-министр Темир Сариев уюштуруу комитетинин жыйынын билдирди.

Кыргыз тарыхы ар кандай санжыранын деңгээлинде калганда. Абалга аралжы боло турчу Жарлык
Анын айтымында, быйыл Кыргызстандын эгемендигин 25 жылдыгы менен бирге 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгы, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы, Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы, залкар ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы жана Тайлак баатырдын 220 жылдыгы белгиленет. 

Сариев Тарых жана маданият жылына карата өкмөт тарабынан комплекстүү иш-чаралардын планы иштелип чыгып, аларды жогорку деңгээлде даярдап өткөрүү максатында Мамлекеттик дирекция түзүлгөнүн, ага белгилүү жазуучу Султан Раев жетекчилик кыларын маалымдады.

"Быйыл биз үчүн абдан маанилүү жыл. Өзүбүздү сыйлап, эгемендикти, мамлекеттүүлүктү даңктоочу учур келди", — деди өкмөт башчы.

Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча түзүлгөн план 4 бөлүктөн туруп, ага 140 иш-чара камтылганы белгилүү болду.

Жыйында айрым сунуштарды эске алуу менен иш планды 10 күндүн ичинде тактап чыгуу милдеттендирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0