"Республика – Ата-Журт" фракциясы: вице-спикердин маселеси жалпы жыйында каралат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика – Ата-Журт" фракциясынын логотиби. Архив
Республика – Ата-Журт фракциясынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештеги "Республика – Ата-Журт" фракциясы 22-январдагы парламенттин жыйынында вице-спикер Нурбек Алимбековго ишенбөөчүлүк билдирип, анын кызмат ордуна баа берүүнү сунушташкан.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Вице-спикер Нурбек Алимбековго ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча фракциянын чечимин төрага билерин жана бул маселе Жогорку Кеңештин шаршемби күнкү жалпы жыйынында карала турганын "Республика – Ата-Журт" (РАЖ) фракциясынын катчылыгынан билдиришти.

Катчылыктын маалыматына ылайык, учурда вице-спикердин маселеси фракцияларда дагы каралып жатат.

Мужчина кладет бумаги в портфель. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Баткен шаарынын мэри кызматтан кетти
Белгилей кетсек, 22-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Республика – Ата-Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев вице-спикер Алимбеков "Кыргызстан" фракциясынын депутаттарын мандатынан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин кароого тоскоолдук кылганын билдирген.

Эл өкүлү вице-спикер парламенттин регламенти бузгандыгын, анан аракети регламенттин 144-беренесине ("депутаттын этикасы") каршы келгендигин айтат. 

"РАЖ" Алимбековго ишенбөөчүлүк көрсөтүп ЖКнын кийинки жыйынында аны ээлеген кызматынан алууну кароону сунуштаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0