Газетадан жасалган калпак кийген адам. Архив

Беш өрдөк: Финполицияны мээлеген депутат менен башка партиянын камчысын чапкан Каптагаев

302
(жаңыланган 16:04 01.02.2016)
Кыргызстандагы басылмаларга чыккан айың-кептерди аныктап, жума сайын гезит-журналдарга саресеп салабыз. Айың кептер айылынан арылабыз.

"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Финполицияны жетектөөгө "секирет"

"Азия News" гезити 28-январда чыккан санында "Кыргызстан" фракциясынын депутаты "секирик" жасай турганын жазды.

"Кыргызстан" фракциясынан депутат Таалай Масабиров жакында Финполдун жетекчилигине орун которору боюнча эшиттик. Ошого катар депутаттык мандатын башка кызматтарга алмаштыра тургандардын да тизмеси бар экен", — деп жазат аталган гезит.

Таалай Масабиров Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине эч кандай "секирик" жасабай турганын мындайча түшүндүрдү.

"Мени башка жакка кетип, "секирик" жасайт экен деген маалымат чындыкка жатпайт. Өткөн жумаларда эл менен жолугуп аймактарда болдук. Ал жактан да мага "кетет экенсиз" деп сурашты. Мен башка жакка кетпейм. Эл үчүн кызмат кылам", — дейт депутат.

Эмил Каптагаев өткөн шайлоодо КСДПны эмес, башка партияга чуркаптыр

"Де-Факто" гезити 29-январда чыккан санында Ысык-Көл облусун үч жылдан бери башкарып келген Эмил Каптагаевдин кызматтан кетишине себеп болгон божомолдордун бирин жазды.

"…Эмилбек Каптагаев өткөн шайлоодо КСДПны эмес, кайсы бир башка партияны да сүрөөнгө алууга жашыруун аракеттенип, бирок бул жоругу эски үзөңгүлөштөрүнө жетип калган деген да маалыматты укканбыз. Айтор, анын облус башчылыктан кетишинде бир катар саясий себептер бардай", — деп жазат аталган гезит.

Эмилбек Каптагаев кызматтан кетишинде эч кандай саясый себептер жок экенин айтып, өз каалоосу менен кызматтан кеткенин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

"Бул мамлекеттик кызмат. Ар бир кишинин иштей турчу учуру болот, сенин ордуңа башка бирөөсү келиши керек. Облус жаңы күч менен алдыга өнүгүшү керек. Кызматтан кетүүмдө эч кандай саясый негиз жок", — дейт ал.

Белгилей кетсек, Каптагаев Ысык-Көл облусун 2013-жылдын июнь айынан бери жетектеп келген.

302
Белгилер:
ЖМК, Таалай Масабиров, Эмилбек Каптагаев
Тема:
Беш өрдөк – айың-кептер айылы (23)
Тема боюнча
Беш өрдөк: КСДПнын "кара тизмесине" кирген Момбеков, 5 адамды "атай албаган" Шыкмаматов
Беш өрдөк: Сариевди ээрден шыпырчу Карашев, Жээнбековго тай карыз болгон Турсунбеков
Сириядагы АКШнын аскер кызматкерлери. Архив

Сириядагы кыймыл. Ким элдин каарына калып куугунтуктала баштады?

91
(жаңыланган 10:33 12.08.2020)
Аскердик базалар жана күзөткө кол салуу, ракеталык аткылоо жана колонналар жүргөн жолдордогу жардыруулар, айтор Сирияда АКШ аскерлери ушундай жагдайларга тушугууда.

Кызыгы, аларга сокку ургандар террордук уюмдар гана эмес... Араб Республикасына америкалыктардын аяк басканына кимдер нааразы экенин биздин өнөктөш РИА Новости агенттиги тактап көргөн.

Чар тараптан

Жакында эле Сириянын түндүк-чыгышындагы Хасеке провинциясында АКШнын мыйзамсыз аскердик базасы ракеталык чабуулга кабылды. Бул жерде Эль-Хасака шаарынан түштүккө карай алтымыш чакырым аралыкта америкалыктар сокку уруучу жана транспорттук тик учак жана учактарды кабыл алуу үчүн аэродром жасашкан. Сириялык маалымат каражаттарынын маалыматтарына караганда, базага белгисиз куралдуу топтор кол салган.

Батыш Россиянын Сириядагы аскердик ийгиликтерин биринчи жолу моюнга алды

Акыркы айларда Сирияда америкалыктарга кайра-кайра ок атылып, алар жоготууларга кабылууда. Айрыкча, ыкчам күзөт тобу "белгисиз" кыймылдардын чабуулуна көп тушугуп жатат. Май айынын аягында АКШ армиясынын аскерлери жана "Сириялык демократиялык күчтөрдүн" жоокерлери бараткан автомобилдердин колоннасына Дейр-эз-Зор провинциясында автомат, пулемет жана гранаталар менен куралданган отряд кол салган. Үч америкалык жана Сирия демократиялык күчтөрүнүн беш мүчөсү жарадар болгон.

Эль-Хасаке провинциясында апрелде да бир нече кол салуу орун алган. Атап айтканда, америкалык аскерлерди жана Сириялык демократиялык күчтөрдүн мүчөлөрүн ташып бараткан "Хаммер" сооттолгон унаасын Рувейшид кыштагынын жанынан "белгисиз адамдар" аткылашкан. Бир топ киши жараланган. Дейр-эз-Зоредеги ушундай эле окуянын натыйжасында АКШ армиясынын офицери жана Сириялык демократиялык күчтөрдүн жоокерлери окко учкан. Дагы бир чабуулдан соң эки аскер дайынсыз жоголуп, алардын тагдыры алигүнчө анык эмес.

Күзөт топторунун жолунда да жардыруулар көп болууда. Өткөн айда Дейр-эз-Зор провинциясындагы Сабха кыштагында автомобилдик колоннаны жардырышкан. Кээде мина коюлган автомобилдер менен жанкечтилер чабуул жасайт. Америкалык аскерлер былтыр январда көп жоготууга дуушар болушкан. Сириянын түндүгүндөгү Манбижде жанкечти жөө күзөт кызматынын жанынан фугасты жардырган. Анда эки аскер – АКШ Коргоо министрлигинин кызматкери жана жалданма жоокер каза болгон. Пентагон Сириядагы ушул өңдүү кол салуулар боюнча маалыматтардын көпчүлүгүн таптакыр танып, аларды жалган кабар деп атоодо.

Сириядагы чыр: АКШ Россиянын "колу канган малынганын" айтты

Ресурстар үчүн күрөш

Аскерий серепчи Юрий Ляминдин пикиринде, америкалык аскердик объектилерге жана күзөткө чабуул АКШ жана алардын союздаштарынын оккупациясында калган жергиликтүү уруулар чабуул коюп жатышы мүмкүн.

"Булар Сириянын чыгышы жана түндүк-чыгышында жашаган арабдар, — деп түшүндүрөт Лямин. — Ушул тапта алар америкалыктар колдогон күрддөрдүн кол алдында калды. Албетте, нааразы адамдар чыкпай койбойт, алар азыркы кырдаалга караманча каршы. Алар регионду Дамаск көзөмөлдөөгө тийиш деп эсептешет. Ошол себептен, ушундай толкундоолор болууда". Анан калса, бул уруулар дурус куралданып, жакшы машыгуудан өтүшөт.

"Өлкөдө бир нече жылдан бери жарандык согуш жүрүүдө, калктын колунда курал жетишерлик санда, — деп белгилейт Лямин. — Аткылоочу гана эмес, минометтор да, оор пулеметтор да, ал түгүл Сирия жана Иракта абдан кеңири таралган кытай же араб өндүрүшүндөгү залп атуучу 107 миллиметрлик жеңил тутумдар да жок эмес".

АКШ Сирияны колдоого алган Россия менен Кытайды жазаламай болду. Видео

Плеханов атындагы Россия экономикалык университетинин саясат таануу жана социология кафедрасынын доценти, "Россия офицерлери" эксперттик кеңешинин мүчөсү Александр Перенджиев америкалык аскерлерге кол салуулар Сириянын ресурстары үчүн коалиция ичиндеги күрөштүн бир бөлүгү болушу ыктымал деген пикирде.

"Иш жүзүндө бул — талап-тоноочулардын өздөрүнүн ортосундагы кармаш, — деп тактай кетти ал. — Бир жагынан Пентагон бар, экинчи тарабынан — ар кыл каржылык-өндүрүштүк топтор. Алар жеке аскердик компаниялардын кызыкчылыгын жактап, ошол эле террорчуларды курал менен жабдышы мүмкүн".

Анын айтымында, Пентагон да сириялык оюнда өз алдынча күч эмес, АКШдагы айрым топтордун кызыкчылыгын коргошот. Ушундай тымызын соккулар Сириядагы пайдалуу кен байлыктары үчүн күрөштүн күч алганын айгинелейт.

"Эгер сириялык армия чабуул койсо, Пентагон дароо муну моюнга алмак, — деп кошумчалайт Перенджиев. — Бирок "белгисиз отряддар" деп коюшканы жашыруун, ички согушун элге жарыялагылары келбегенинен кабар берет. Ошону менен бирге америкалыктар сокку кай тараптан экенин так билишерин бөркүмдөй көрөм".

Элдин каары

Америкалыктардын башына конгон дагы бир кооптуулук — элдин каршылык көрсөтүүсү. Бул аракет, президент Башар Асад белгилегендей, өлкө Сириянын аймагын чет элдик оккупациядан бошотууну көздөйт. Ал эми америкалыктарга нааразы болууга негиз толуп жатат.

Сирия хроникасы: россиялык күзөткө чабуул жана АКШнын активдешүүсү

Июнь айында Хасеке провинциясында Тель-Абъяд шаарынын тургундары өз буудайын мыйзамсыз чыгарылышына жол бербөө үчүн чек ара өтмөгүндө пикет уюштурушкан. Ошол окуянын алдында эле Сириянын Тышкы иштер министрлиги Түркия колдогон согушкерлер жана АКШнын союздук бандиттик түзүмдөрү мамлекеттеги кырдаалды курчутуу ниетинде эгин талааларын жана башка дан азыктарын бир нече ирет өрттөп салышканын билдирген.

АКШнын аскердик командачылыгы жана алардын союздаштары расмий бийликке каршы калкты тукуруу үчүн Сириянын түндүгүндө гуманитардык жагдайды максаттуу түрдө оорлоштурууда.

Көбүнесе америкалыктардын айынан жай жарандар набыт болушат. Май айында АКШ аскерлери Дейр-эз-Зор провинциясында айдоочуну атып салышкан. Алардын бетке кармаган шылтоосу — машина "Коннико" мунай кенинин тушунда негизги трассадан бурулган имиш. Аскерлер муну коркунуч деп санап, ок чыгарышкан.

Ал эми февралда Камышлы шаарынан анчалык ыраак эмес блокпостто сириялык аскерлер макулдашылбаган маршрут менен бараткан АКШ армиясынын колоннасын токтоткон.

Америкалыктар жергиликтүү эл менен жаңжалдын чыгышына түрткү болгон. Натыйжада жоокерлер жай жарандар тарапка да башаламан аткылап киришкен. Ошол тиреште 14 жаштагы Фейсал Халид Мухаммад окко учуп, дагы бир киши жараланган. Окуя автоколоннаны чыгарган россиялык аскерлердин кийлигишүүсү менен гана жөнгө салынган.

91
Белгилер:
эл, каршылык, Аскер, чек ара, кыймыл, АКШ, Сирия
Тема боюнча
Россия эми дүйнөлүк террорчулукка айыпталууда. Америкалыктардын акыл парасаты
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив

Президент Жээнбеков Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарын кыдырат

111
(жаңыланган 09:35 12.08.2020)
Мамлекет башчынын өлкө аймактарына иш сапары уланып жатканы белгиленди. Ал буга чейин Таласта, Ысык-Көлдө жана Ошто болгон.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков 12-13-август күндөрү жумушчу сапары менен Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жээнбеков иш сапарынын алкагында медициналык, социалдык, айыл чарба, өнөр жай жана билим берүү объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышат.

Жээнбеков Талас элине баа берди. Жолугушуунун сүрөттөрү

Ошондой эле пандемия шартында ирригацияны жакшыртуу жана ички жолдорду реконструкциялоо долбоорлорунун кантип ишке ашып жатканын көрөт.

Мамлекет башчынын өлкө аймактарына иш сапары уланып жатканы белгиленди. Ал буга чейин Ошто, Таласта жана Ысык-Көлдө болгон.

111
Белгилер:
аймак, иш сапар, Сооронбай Жээнбеков, Ош облусу, Жалал-Абад облусу, Баткен облусу
Тема боюнча
Кеткендерди кайра кайтаруу керек. Жээнбеков айылдарды өнүктүрүү туурасында
Хакасияда болгон жол кырсыгы

Эс алам деп... Хакасиядагы жол кырсыгында кыргызстандык жигиттер каза болду

0
(жаңыланган 17:02 12.08.2020)
Nissan Sunny автоунаасынын 24 жаштагы айдоочусу бурулуштан рулду башкара албай калып жолдун жээгине чыгып кеткен. Жыйынтыгында автокөлүк ала салып барып токтогон.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Хакасияда беш кыргызстандык жол кырсыгына кабылып, экөө көз жумду. Бул тууралуу аймак боюнча Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын "ВКонтакте" тармагындагы баракчасына жарыяланды.

  • На месте ДТП с кыргызстанцами в Хакасии
    Хакасияда беш кыргызстандык жол кырсыгына кабылып, экөө көз жумду
    © Фото / УГИБДД Хакасии
  • На месте ДТП с кыргызстанцами в Хакасии
    Nissan Sunny автоунаасынын 24 жаштагы айдоочусу бурулуштан рулду башкара албай калып жолдун жээгине чыгып кеткен. Жыйынтыгында автокөлүк ала салып барып токтогон.
    © Фото / УГИБДД Хакасии
1 / 2
© Фото / УГИБДД Хакасии
Хакасияда беш кыргызстандык жол кырсыгына кабылып, экөө көз жумду

Маалыматка караганда, кыргызстандыктар Красноярск крайынан көлгө түшүп, эс алуу үчүн барышкан. Кырсык 11-август күнү саат 13:50дө Ачинск — Ужур — Шира — Троицкое автожолунун 232-чакырымында болгон.

Nissan Sunny автоунаасынын 24 жаштагы айдоочусу бурулуштан рулду башкара албай калып жолдун жээгине чыгып кеткен. Жыйынтыгында автокөлүк ала салып барып токтогон.

"Кесепетинде арткы орундуктагы эки киши көз жумган. Айдоочу менен 24 жана 20 жаштагы эки жигитке медициналык жардам көрсөтүлдү. Бирок алар ооруканага жаткан жок", — деп айтылат кабарда.

Машина талкаланган. Бишкектин четиндеги үрөй учурган кырсыктын видеосу

Кырсыктын чоо-жайы иликтенип жатат.

0
Белгилер:
өлүм, жол кырсык, Хакасия, Россия
Тема боюнча
Бетме-бет сүзүшкөн. Көлдөгү жол кырсыктын чоо-жайы