Сариев: өкмөт Centerra Gold Inc компаниясын сотко берүүгө даярданып жатат

Жазылуу
Өкмөт башчы Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйынына катышып, эл өкүлдөрүнүн бир катар суроолоруна жооп берди.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кумтөр маселесинде Кыргызстандын кызыкчылыгы башкы орунда болот. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйынында билдирди. 

Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кумтөрдө" каза тапкан кызматкер боюнча иликтөө иш узакка созулушу мүмкүн
Сариев Кумтөр кенинин айланасындагы абал боюнча Centerra Gold Inc компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүү өткөрүлгөнүн маалымдап, анда аталган маселелер боюнча катуу талап коюлганын билдирди.

Премьер-министр Centerra Gold Inc компаниясынын Директор кеңешинин кошумча эмиссия чыгаруу боюнча чечимине каршы экенин билдирип, сүйлөшүүлөрдө бардык аракеттер Кыргызстандын экологиялык жана экономикалык кызыкчылыктарына жооп бериши зарыл экенин билдирди.

Centerra Gold Inc компаниясын акциясынан кошумча эмиссия боюнча "Кыргыз Алтын" ишканасына тапшырмалар берилди. Алар юридикалык компания жалдап, сотко кайрылуу боюнча иштерди жүргүзүп жатат", — деди Сариев.

Өкмөт башчы аталган компаниянын директорлор кеңешиндеги Кыргызстандын мүчөлөрү алмаштырылып, алар атайын критерийдин негизинде тандаларын билдирди. Муну менен бирге бул маселени чечүүдө Кыргызстандын кызыкчылыгы башкы орунда туруп, техника-экологиялык нормалардын аткарылышына көзөмөл күчөтүлөрүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0