Атамбаев: жарандар алдындагы социалдык милдеттенмелер өз убагында аткарылышы керек

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаев финансы министри Адылбек Касымалиевди кабыл алуу учурунда.
Алмазбек Атамбаев финансы министри Адылбек Касымалиевди кабыл алуу учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 9-февралда мамлекет башчы финансы министри Адылбек Касымалиевди кабыл алып, мекеменин планы менен таанышты.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Өлкө жарандары алдындагы бардык социалдык милдеттенмелер өз убагында толук аткарылышы керек. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев финансы министри Адылбек Касымалиевди кабыл алуу учурунда билдирди.

Жолугушууда мамлекет башчысы менен финансы министри 2016-жылга республикалык бюджеттин негизги параметрлерин жана аны аткаруу боюнча финансы мекемесинин пландарын талкуулашты.

Сариев: бюджеттик ачыктыкты камсыз кылууну күчөтүү зарыл
Касымалиев быйылкы жылга Финансы министрлигинин ишмердигинин негизги багыттары жана натыйжалары, анын ичинде 2013-2017-жылдарга өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында белгиленген ири долбоорлорду каржылоо тууралуу айтып берди.

Президент бюджеттин тең салмактуулугун жана макроэкономикалык туруктуулукту сактоо, экономикалык бир калыпта өнүгүүнү камсыз кылуу жана өлкө жарандары алдындагы бардык социалдык милдеттенмелерди өз убагында толук аткарууда Финансы министрлиги менен башка мамлекеттик органдардын биргелешкен ишинин маанисин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0