Кулматов башка мамлекеттик кызматка кетүүдө

Жазылуу
Өлкө жетекчилиги менен Кулматовдун ортосунда эч кандай пикир келишпестик жок.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кубанычбек Кулматов башка кызматка кетип жатканын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине мэриянын маалымат кызматынын жетекчиси Гуля Алмамбетова билдирди.

Мэрия шаар башчысынын кызматтан кетип жатканын тастыктады.

"Отставканын себеби — жаңы кызматка которулуу. Өлкө жетекчилиги менен ортодо эч кандай пикир келишпестик жок", — деди Алмамбетова.

Азырынча Кулматов кайсы мекемени жетектей турганы белгисиз.

Ал мэрлик кызматка 2014-жылдын 15-январында шайланган.

Бишкек шаарынын мэри Кулматов кайсы аракети үчүн макталып, кайсынысы үчүн кагуу жегенин бул жактан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0