Өкмөт башчы Кулматовдун кызматтан кетүү арызына кол койду

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Темир Сариев. Архив
Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кулматов ээлеген кызматынан башка жумушка өтүп жаткандыгына байланыштуу кетип жатат.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматодун кызматтан кетүү боюнча арызына кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Назира Ахмедова билдирди.

Кулматов буга чейин кызматынан өз ыктыяры менен кетүү боюнча арыз жазган. Мэриянын маалымат кызматы жетекчи башка жумушка өтүп жаткандыгына байланыштуу мэрликтен кетип жатканын билдирген.

Кулматов шаар башчылыгына 2014-жылдын 15-январында шайланган.

Бишкек шаарынын мэри Кулматов кайсы аракети үчүн макталып, кайсынысы үчүн кагуу жегенин бул жактан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0